Вторник, 28 июня, 2022
32.1 C
Бишкек

Спорттук таймаштар мыктыларды аныктады

Коомдук ишмер С.Ибраимовдун  95 жылдыгына карата

Өткөн жумада Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу Алчалу айылында белгилүү коомдук ишмер Султан Ибраимовдун  95 жылдыгына  жана жарык элесине арналган эркин күрөш, жөө күлүк жана аркан тартыш  боюнча турнирлер  болуп өттү..

Спорттук иш-чараны быйыл Ибраимов айыл өкмөтүнүн жаштары уюштурушту.

Спорт талаасынын жанында Кошой жана Талды-Булак айылдык китепкананын китепканачылары Гүлия Турдумамбетованын жана Гүлчахра Турдубаеванын  демилгеси менен Султан Ибраимовдун 95 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү жана коомдук  ишмердин өмүр баянын, имшердүүлүгүн, үй-бүлөсүн, ошол кездеги  тарыхый окуяларды  чагылдырган сүрөт көргөзмөсү да уюштурулду

Эркин күрөш боюнча турнир ар айылдардан келген көптөгөн күйөрмандарды чогултту.

Аталган спорттук турнирге Чүй райондук мамлекеттик администрациянын башчысы –аким Жыргалбек Шакиев, акимдин орун басары Сабырбек Ормонов, сый конок катары КРнын ЖКнин депутаты Шайлообек Атазов жана КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу  Алмаз Ашымов чакырылышты.  Алар турнирдин катышуучуларына бекем эрк, коюлган максаттарга жетишишин жана чынчыл атаандаштыкта жеңишке ээ болууларын каалашты. Күйөрмандардын катарында дагы белгилүү спортчулар жана жергиликтүү тургундар болушту.

Күрөш талаасында жаш, тажрыйбасы аз спортчулардан баштап, чоңоюп, бир нече эл аралык туринирлерге катышып, тажрыйба топтогон спортчулар да чыгып, мыкты даярдыктарын көрсөтүштү.

С.Ибраимовдун жарык элесине арналган эркин күрөш боюнча турнир жылда Алчалу айылында  1989-жылдан бери өткөрүлүп, салтка айланган. Бул убакыт аралыгында турнир көптөгөн спорттун чеберлерин, бир нече Азиянын чемпиондорун жана мыкты спортчуларды тарбиялап, өстүрдү. Бул тууралуу Чүй райондук балдар спорт мектебинин директору жана ага машыктыруучусу Асылбек Турсунов билдирди.

Анын айтымында, бул турнир жаштар арасында күчтүү спортчуларды аныктап, мыктылары июнда Нарында өтүүчү Кыргызстандын иринчилигине жолдомо алышмакчы.

Б.Байдылдаева

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика