Вторник, 28 июня, 2022
32.1 C
Бишкек

Садыр Жапаровдун Россияга иш сапары жана БАЭ менен Кыргызгызстандын мамилеси…

 Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 16-майда өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын борбору Москвага иш сапар аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган ЖККУнун мааракелик жы йынына Россиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышты.

Өлкө лидерлери эл аралык жана аймактык коопсуздуктун абалын, ЖККУнун азыркы реалдуулуктагы ролун жана ордун, ошондой эле кризиске каршы аракеттенүү системасын өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча ЖККУ Жамааттык коопсуздук Кеңешинин Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 30 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 20 жылдыгына байланыштуу билдирүүсүнө, ошондой эле

-“ЖККУнун Казакстан Республикасынын аймагында тынчтык орнотуучу операциясынын катышуучуларын ЖККУ сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечимине кол коюлду.

Сыйлангандардын арасында Казакстандагы январь окуясында ЖККУнун контингентинин курамында тынчтыкты сактоо миссиясын аткарган Кыргызстандын бир катар аскер кызматкерлери бар.

Саммит аянтчасында тет-а-тет форматында президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуп, кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Иш сапары аяктаган соң, мамлекет башчысы Москвадан Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) багыт алды.

Кыргызстандын президенти Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) барып,  ал БАЭ Президенти шейх Халиф бин Заед Аль Нахаяндын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жеке көңүл айтты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан БАЭнын жаңы президенти Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга, башкаруучу үй-бүлө мүчөлөрүнө жана Эмират элине БАЭнин Президенти шейх Халиф бин Заед Аль Нахайяндын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу чын жүрөктөн көңүл айтты.

Садыр Жапаров шейх Халиф бин Заед Аль Нахайяндын БАЭнин туруктуу өнүгүүсүнө жана гүлдөшүнө кошкон зор кызматын жана салымын белгиледи.

Аны менен бирге Мухаммад бин Заед Аль Нахайанды Бириккен Араб Эмираттарынын президенти кызматына кириши менен куттуктады.

Ал жаңы лидердин жетекчилиги астында дүйнөдө жогорку саясий жана экономикалык кадыр-баркка ээ болгон өлкө мындан ары да өнүгүп, өз ара ишенимге жана колдоого негизделген эки тараптуу кызматташтык Кыргызстан менен Эмират элдердин жыргалчылыгы үчүн бекемделерине ишенимин билдирди.

Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалап, Садыр Жапаров БАЭ Кыргызстан үчүн боордош өлкө экенин, элдерди тарыхый жана руханий достук байланыштары бириктирип турганын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапапов Мухаммад бин Заед Аль Нахайянды Кыргызстанга иш сапары менен ал үчүн ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде БАЭ президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайян Садыр Жапаровго иш сапары жана көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, айтылган колдоо сөздөрүн жогору баалай турганын белгиледи.

Ал ошондой эле, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайян мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрөрүнө ишеним билдирди.

Шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайян эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу мамилелер мындан ары да жигердүү өнүгүп, жаңы деңгээлге чыгаарына ишенимин билдирди.

Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүнөн кабардар экенин, анын чечкиндүү аракеттерин оң баалай турганын, ошондуктан тараптар ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү кызыкчылыгында тыгыз кызматташууга даяр экенин баса белгиледи.

Мухаммад бин Заед Аль Нахайян ошондой эле эки өлкөнүн элдери бир тууган экенин тастыктап, Кыргызстанга сөзсүз иш сапары менен келерине ишендирди.

Андан соң  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Абу-Даби шаарында жайгашкан  экономикалык кызматташтык боюнча экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Эмират өкмөт аралык комиссиясынын теңтөрагасы, Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль Мазурэй менен жолугушту.

Кыргыз-эмират кызматташтыгынын соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташтыгын активдештирүү боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу жана бул багытта БАЭ тажрыйбасын колдонуу боюнча иш тобунун ишмердүүлүгүн активдештирүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле, меймандарга тийиштүү шарттарды түзүү менен БАЭден Кыргызстанга туристтерди тартуу боюнча маселелер талкууланды.

Аны менен бирге, алдыдагы жогорку деңгээлдеги визиттердин мазмундук бөлүгүн байытуу боюнча даярдык талкууланды.

Гүлсүн Аманалиева

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика