Вторник, 28 июня, 2022
32.1 C
Бишкек

Чуй облусу өнүгүүнүн модели Кыргыз мамлекетинин локомотиви

 

Чүй облусу региондорду өнүктүрүүдө лидер бэкендиги айтылып келет. Албетте, Чүй облусу өнүгүүнүн модели жана бүт өлкөбүз үчүн локомотив болооруна ишенем. Учурда, 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү тынчтыкта жана ынтымакта жашап жатышат. Сары Өзөн Чүй бардыгын койнуна батырып, калкын багып келгени жалпыбызга белгилүү.

Үстүбүздөгү жылдын 18-майында Чүй облусунун I-кварталынын жыйынтыгын чыгаруучу коллегичсы болуп өттү. Коллегияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нуриль Алымбаевдин жетекчилиги астында орун басарлары Сыргак Кыдыкеев, Гульмира Кыштобаева жана облустук жетекчилер, райондун акимдери, айыл өкмөттүн башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Коллегияны Нуриль Джайылбекович өзү ачып, 2022-жылдагы жетишкендиктер менен чечилбей жаткан кээ бир маселелерди айтып өттү. Андан соң Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Сыргак Кыдыкеев Чүй облусунун 2022-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы менен  социалдык-экономикалык өнүгүүсүү  боюнча маалымат берди.

Жыйынтыгында суроо-жооп менен коштолуп, көпчүлүк суроолор Ирригациялык, Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү менен камсыз кылуу ж.б.у.с. суроолор берилип, жетекчилик тараптан алгылыктуу жооптор алынды.

 

Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу  менен калктын  жашоо деңгээлин жогорулатуу жана анын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу максатында жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталат иш-аракеттер жасалууда .

Чүй облусунун социалдык-экономикалык абалы төмөнкү көрсөткүчтөр менен мүнөздөлөт.

2022-жылдын январь-март айларында облустун өнөр-жай тармагында 30586,1 млн. сомго продукция өндүрүлүп, 2021-жылдын январь-март айларына салыштырганда физикалык көлөмдүн индекси 106,2 пайызды түздү.

Айыл чарба продукцияларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң чыгарылышы 2022-жылдын үч айында 9235,5 млн. сомду же өткөн жылдын отчёттук мезгилине карата 100,9 пайызды түздү.

2022-жылдын январь-март айларында курулушка негизги капиталдык инвестициялардын жалпы көлөмү 1905,3 млн. сомду түздү, бул мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда (салыштырма баада) 14,7 пайызга жогорулады.

2022-жылдын үч айларында 2,3 млн. тонна жүк (2021-ж. январь-мартына карата 101,9 пайыз) жана 29,1 млн. жүргүнчү (100,9 пайыз) ташылган.

2022-жылдын январь-март айларында соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди, турмуш-тиричилик жана жеке колдонуудагы буюмдарды оңдоонун жүгүртүүнүн көлөмү 21200,7 млн. сом суммасында (салыштырма баада 17632,6 млн. сом) түзүлдү жана 2021-ж. январь-мартына  салыштырмалуу иш жүзүндөгү баада 9,8 пайызга өсүп, ал эми  салыштырма баада – 0,3 пайызга өскөн..

Соода жүгүртүүдө, мейманканаларды жана ресторандарды кошпогондогу кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 2022-жылдын январь-март айларында, мурунку жылдын январь-март айларына  салыштырганда 0,8 пайызга өстү жана 1442,0 млн. сомду түздү.

2022-жылдын январь-февралында бир кызматкердин орточо номиналдык эмгек акысы (чакан жана орто ишканаларды эсептебегенде) 17582,1 сомду түздү жана 2021-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 10,0 пайызга өстү.

2022-жылдын 1-апрелине  карата калкты иш менен камсыз кылуу органдарында каттоодо турган жумушсуз калктын саны 6,5 миң адамды түздү, алардын ичинен расмий жумушсуздук статусун 5,8 миң. адам ээледи.

2022-жылдын 1-мартына карата баалоо маалыматтары боюнча туруктуу калктын саны 989,0 миң адамды түздү.

 

Өнөр-жай

 

2022-жылдын январь-март айларында облустун өнөр-жай тармагында 30586,1 млн. сомго продукция өндүрүлүп, 2021-жылдын январь-март айларына салыштырганда физикалык көлөмдүн индекси 106,2 пайызды түздү.

Отчеттук мезгилде Чүй облусу өнөр-жай өндүрүшүнүн Республиканын жалпы көлөмүнө карата продукциясынын салыштырмалуу салмагы 37,9 % түздү. (маалымат катары : Ысык-Көл –   15,5 %, Жалал-Абад – 11,2 %, Баткен – 1,3 %, Ош – 3,3 %, Нарын – 1,3 %, Талас – 8,1 % областары жана Бишкек ш.  – 19,1 %, Ош ш.–2,3 %).

Аймактар боюнча өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү

2022-жылдын 1-кварталынын ичинде Панфилов районунун  өнөр жай секторунда 999,2 млн. сомго продукция өндүрүлгөн, бул 2021-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу (271,9 млн.сом.) 727,3 млн.сомго көп өндүрүлгөн.  Бирок  райондун  өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси  37,9 % ды гана түзгөн.

Себеби: 2021-жылдын 2 жарым жылдыганан баштап Металл Кен” ЖЧКсы ишке киргизилип,  994,1 млн. сомго продукция өндүрүлгөн.  Мындан сырткары   “Актан” акционердик коому 4,35 млн.сомго продукция  өндүрүп, номиналдык өсүү темпи 138,7  пайызды  же болбосо 1,25 млн. сомго  сүт азыктары көп өндүрүлгөн.

Жайыл  районунун өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси  96,7  пайызды  түзгөн  себеби Чайна Петрол Компани Джунда  ишканасы 2019-жылдын 30-декабрынан бери токтоп турат.  Ишкананын токтоп туруу мөөнөтү белгисиз себептер менен  узартылган.

 

Инвестиция тартуу, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү.

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары социалдык инфраструктура объектилерин куруу жана оңдоо, калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана аймактарды өнүктүрүү маселелерин чечүү үчүн инвестицияларды тартуунун үстүндө иштеп жатышат. Чүй облусун өнүктүрүү фондунан, республикалык бюджеттен (дем берүүчү грант), АРИСтен, Ас-Салам Фондунан жана башка булактардан каржыланган долбоорлор айыл аймактарында жүзөгө ашырылууда.

Чүй облусунда  2022–жылдын  3 айынын жыйынтыгы менен  чакан жана орто бизнести өнүктүрүү  боюнча жаӊы 22  кичи жана орто ишканалар ачылып,  1087 иш орун түзүлүп, капиталдык салымдар 3 млн. 587 миң сомду түздү.

Мисалы: Ысык-Ата районунда —  Новопокровка айылында эт жана сүт азыктарын тангактоочу кичи цех ачылып 5,6 млн. сом капиталдык салымы менен ишке кирип, 5 жумуш оруну менен камсыз болду.

Аламүдүн районунда 

— Ленин айылында  ЖЧК “Скай Индастриал Групп” лифт чыгарган завод  ачылып,  112,1 млн сом сарпталып,  1000 жумушчу орун түзүлдү.

 

Айыл чарба тармагы

Айыл чарба продукцияларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң чыгарылышы 2022-жылдын үч айында 9235,5 млн. сомду же өткөн жылдын отчёттук мезгилине карата 100,9 пайызды түздү.

Чүй облусу боюнча жалпы айдоо аянты 420,0 миң га түзөт. Анын ичинен 265,1 миң га сугат, 154, миң га кайрак айдоо жери.

2022-жылдын түшүмү үчүн жазалган күзгү талаачылылык иштер.

2022-жылдын түшүмү үчүн күзүндө 134,1 миң га айдоо жери айдалган, анын ичинен  44,5 миң га тоңдурма. Кылкандуу дан эгиндерин  89,6 миң га күздүк себилген, анын ичинен 80,5  миң га күздүк буудай, 9,1 миң га күздүк арпа    себилди.

Жазгы талаачылык иштери боюнча

Чүй облусу боюнча 230 миң 846 га аянтта жазгы-талаачылык жумуштарын жүргүзүү каралган, анын ичинен жазгы кылкандуу дан эгиндерин себүү 141,2 миң га аянтка анын ичинен 35,3 миң  га буудай,  102,5 миң га арпа, 33,8 миң га жүгөрү, 800 га башка дан эгиндери, 10 миң 246 га кант кызылчасы, 8,5 миң май өсүмдүктөр, 21,6 миң га жашылчалар, картөшкө 10,5 миң  га, бакча өзүмдүктөр 4,2 миң га.

 

2022-жылга карата Чуй облусу боюнча кылкандуу дан эгиндерин себүүнүн программасы

 

2022-жылдын 16 — майына ыкчам маалыматына ылайык Чүй облусу боюнча 182575 га жер айдалып программанын аткарылышы (99%) түздү, 120124 га жерге кылкандуу дан эгиндер себилди (95%) анын ичинен 19677 га буудай (82%), арпа 100447 га (98%).

 

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү менен камсыз болушу жана айыл чарба багытына алынган насыялар жөнүндө 

Жазгы себүүгө кылкандуу дан эгиндеринин үрөндөрүн керектөөчү көлөмү 21885 тонна, анын ичинен  5714 тонна буудай керек болсо 5588,6 тоннасы камсыздалды же 98,43%. 19193 тонна арпа керектелсе 18115,8 тонна менен камсыздалды, же 94,3 % камсыздалган.

Май өсүмдүктөрүнүн үрөнү менен камсыз болуу 93,2% түзөт. Чүй облусунда беде үрөндөргө болгон муктаждык 146,2 тонна, ошондой эле камсыз болуу облус боюнча жетиштүү. Картошканын үрөнү менен камсыз болуу 97,8%, жүгөрү үрөнү менен камсыз болуу 97,4% ды түзөт.

Мамлекеттик дотация аркылуу Чүй облусунун дыйкандары 153,5 тонна будайдын үрөнүн жана 566 тонна арпа үрөндөрүн алышты. Ошондой эле Россия Федерациясынан 260 тонна буудай, 683,83 тонна арпа, 5,5 тонна беде, 53,6 тонна сафлор үрөндөрүн алышты.

Айылчарбасын өнүктүрүүдө жеңилдетилип берилген насыялар боюнча РСК жана Айыл банктары аркылуу Чүй облусунун дыйкандары малчарбачылыгына 218 610 000 сом, ал эми өсүмдүк өстүрүүгө 168 281 000 сом, кайра иштетүүгө 2 550 000 сом насыяларды алышты.

Жазгы-талаачылык жумуштарын өткөрүү үчүн облус боюнча:

— 9 млн177 миң тн дизелдик отун талап кылынат. Азыркы учурда 1 литр дизелдик отундун баасы облус боюнча 62 сомдон жогору бааны түзүүдө же былтыркыга салыштырмалуу 22-24 сомго кымбаттады.

—  360 миң тн дизелдик майы, 518 миң тонна автол жана нигрол майлары талап кылынат.

Базар шартында дыйкан жана фермерлер  күйүүчү майларды сатуучу жайлардан талаптарына жараша сатып алуусун камсыз кыла алышат.

Облус боюнча жазгы талаачылык иштерине төмөнкү айыл чарба техникалары жумшалат, 6450 трактор,1758 соко, 37776  борон, 171 жер семирткичтерди  жана химикаттарды чачуучу тракторлор, 1034 себүүчу прицептер, 646 культиватор, 3727 прицеп.

Чүй облусу боюнча 37 миң тонна минералдык жер семирткичтер аймактык кампаларда камдалып, айыл чарба өсүмдүктөрдүн коргоочу пестецид, гербецид жана фунгицид химикаттарын сатуучу 51 дүкөн-контейнерлердин иштөөсү уюштурулган. Чүй облусунун райондорунда, айыл чарба тетиктерин сатуу 14 дүкөн-контейнерлери, 73 айыл чарба шаймандарын оңдоочу ири жайлар уюштурулган.

 

Ирригациялык тармактарын 2022-жылдын вегетациялык мөөнөтүнө даярдык көрүү

Чүй облусунда  cугат суу менен 265117 миң га. жерди камсыздоодо 4970,53 км. ички  чарба аралык  арыктар анын ичинен жер үстүндөгү арыктар 2969,3 км жана бетон түрүндө 2001,0 км түзөт. Суу өлчөгүчтөр (гидропосттор) 29 даана жана 8159 даана гидротехникалык курулмалар. Чүй облусу боюнча 114 СПАлар иштерди алып барышат.

Ички чарба аралык канал жана арыктарды 1466,9 км тазалоо мерчемделсе 1545,3 км аткарылды же болбосо 105 % түздү. Суу техникалык курулмалардын 916 даана оңдоо мерчемделсе 919 оңдолуп бүттү же болбосо 100,3 % түздү.

Чарба аралык каналдар 1581км түзөт 1995 даана гидротехникалык курулмалары, 1119 суу өлчөгүчтөр(гидропост), 1 насостук станция. Суу агымдарын жөндөөгө 54 даана  суу сактагычтары БДР, БСР бар, анын ичинде 5 даана чоң көлөмүндөгү суу сактагычтар Орто- Токой (470,00 млн.м3), Н-А-Арча куюлма (51,20 млн.м3 ), Ала-Арча русловое (75,00 млн.м3),  Сокулук (9,30 млн.м3) жана Спартак (22,00 млн.м3), майда көлөмүндөгү суу сактагычтар Чүй облусу боюнча Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунда  жалпы суунун көлөмү 52,50 млн.м3.

Мамлекеттик сугат тармактарын 2022-жылдагы сугат мезгилине даярдык көрүүдө Чүй башкы суу чарба башкармалыгы боюнча суммасы 17млн.523 миң сом республикалык бюджеттен каралган, бүгүнкү күнү 18млн.263 сомго иштер аткарылды (104,2). 168,4км каналдарды оңдоо мерчемделсе, 176,5 км каналдар оңдолду (104,8%), 56,5 км механикалык тазалоо каралса, 56,5 км тазаланды (100 %), 513 даана гидротехникалык курулмаларды ондоо мерчемделсе 513 даана оңдолду, (100%), 598 даана гидропосторду оңдоо мерчемделсе 598 даана оңдолду (100%).

Мындан сырткары Чүй облусунун өнүктүрү Фонду тарабынан ирригациялык системаларды калыбына келтирүүгө  2021-жылдын 4-кварталында   4 долбор 26 млн.420 миң сомго  каржыланса.

Учурда:

  • Чүй районунан Кош Коргон айылындагы 5 млн.92 миң сом каржыланып, БСР ди тазалоо иштерине толугу менен аяктады;
  • Ысык-Ата районунан Бирдик айылына 3 млн.797 мин сом БСР ди капиталдык оңдоого каржыланып,  учурда 70% гана иштер бүткөрүлдү;
  • Жайыл районун Сары-Булак айыл аймагына Сары –Булак айылынын ирригациялык системаларын капиталдык  оңдоо өткөрүүгө, 2 долборго   7 млн. 305 миң сом каржыланып,   иштер толугу менен бүткөрүлдү;
  • Жайыл районун Кызыл-Кыя айыл аймагына каналын капиталдык  оңдоодон өткөрүүгө   3 млн. 577 миң сом каржыланып, оңдоо иштери толугу менен аяктады.

2022-жылдын башында  төмөндөгү айыл аймактарга 18 млн 661 миң сом каржыланган:

  • Панфилов районунун Күрпүлдөк айыл аймагына 4 млн.057 миң сом сарыпталып, 3 скважина, Курама айыл аймагына 1 млню186 миң сом сарыпталып, 2 скважина, Чалдыбар айыл аймагына 1 млн 241,4 миң сом сарыпталып, 3 сугаруу үчүн скважиналар оңдолуп, калыбына келтирилди;
  • Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагына 3 млн 017 миң сом каржыланып, 3 скважиналар оңдолуп, калыбына келтирилди;
  • Москва районунун Целинный айыл аймагына  4 сугаруу үчүн скважиналарды  оңдоо жана  калыбына келтирүү максатында 5 млн 948 миң сом каржыланып, иштер толугу менен аяктады.

Бюджеттин аткарылышы

 

2022-жылдын январь-март айлары менен мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы  104,0 % аткарылды, бул планда каралган 1613765,8 млн. сомдун ордуна факт жүзүндө  1676039,0  млн. сом чогулуп, анын ичинен, республикалык бюджет –  106%,   жергиликтүү бюджет-102,0 % аткарылды.

 

Курулуш

Облустун экономикасын жана социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн 2022-жылдын  январь-март айларында  негизги капиталга 1905,3 млн. сом инвестиция пайдаланылды, бул 2021-жылдын тийиштүү мезгилине караганда салыштырма баада 14,7 пайызга жогору.

Негизги капиталга инвестицияларды каржылоонун негизги булактары болуп калктын каражаттары саналат, алар 855,0 млн. сомду же 44,9 пайызды, ишканалардын каражаттары – 349,9 млн. сомду же 18,4 пайызды, түз чет өлкөлүк инвестициялык каражаттар – 218,3 млн.сомду жэ 11,4 пайызды, Кыргыз Республикасынын резидентинин банкынан алынган кредиттик каражаттар – 178,8 млн. сомов же 9,4 пайызды, чет өлкөлүк кредиттердин каражаттары – 162,4 млн. сом же 8,5 пайызды, ошондой эле  республикалык жергиликтүү бюджеттин каражаттары – 99,2 млн. сомду же 5,2 пайызды  түздү. 2022-жылдын январь-март айларында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү ички инвестициялардын эсебинен – 1482,9 млн. сомго жана тышкы инвестициялардын эсебинен 422,4 млн. сомго каржыланган.

 

Таза-Суу

Чүй облусунда суу түтүкчөлөрүнүн жалпы узундугу 3566,6 км. түзүп, анын ичинде 268 суу бөлүштүрүүчү жайлар, 203 кудуктар, 43 тосулган булактар жана 11 ачык суу түйүндөрү бар. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун аймагында 7 шаар жана 331 калктуу конуш катталган .

Чуй облусунун карамагындагы 331 айылынын 82 айылында суу түтүктөрү кайра калыбына келтирүүнүн жалпы суммасы 250,0 млн. сомду түзөт. Калган 249 айылга 117,0 млн. АКШ доллары инвестициялык каржылануусу талап кылынууда, бир адамга жумушалчу каражат 250 $ түзөт.

            Бүткүл Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен  «АРИС» долбоор программасы аркылуу 2017-2021 жылдары Чүй облусу боюнча 22 долбоор киргизилип, ичүүчү суу системасы калыбына келтирилип эксплуатацияга тапшырылган жана иштеп жаткан долбоорлордун саны 22 калктын саны 44194 болуп эсептелип 22 айылдарда 759,3 млн. сомго аткарылып таза суу менен камсыз болушкан.

Чүй облусу боюнча 2021-жылдын жыйынтыгы менен 2100,9 млн. сомго пландаштырылып аткарылган жумуштун көлөмү 1413,3 млн. сомду түзөт же 67,2% пайызга аткарылды. 2021-жылы бүтпөй калган объектилер 2022-жыл ичинде улантылат.

            Бүткүл Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен «АРИС»  программасы аркылуу 2022-жылга 16-айылда Ичүүчү суу системасын калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жаткан долбоорлоруу системасын калыбына келтирүү жумуштарынын көлөмү 436,8 млн.сомду түзүп 47,0% пайызга аткарылып улантылууда.

            Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан акча- каражаты Кант жана Токмок шаарларында суу түтүктөрүн орнотуу суу муналарын куруу жана саркынды сууну агындылоону куруу иштерине 46,1 млн. сом жумшалып 52,9% пайызга аткарылды жана улантылууда.

2022-жылга Жергиликтүү бюджеттинин эсебинен жалпы суммасы 30,5 млн. сомго суу мунаралары куруу  жана суу түтүктөрү орнотуу иштери пландаштырылган.  Бүгүнкү күндө куруу иштери жүргүзүлүүдө.

2022-жылга Республикалык бюджеттин эсебинен Чүй районунун Кош-Коргон жана Сайлык айылдарында жалпы суммасы 46,4 млн. сом каралып 24,3 млн. сомго аткарылып 52,4% пайызды түзөт. Кошумча 23,4 млн.сом керектелеерин билдирип акча-каражаты бөлүнө элек.

Араб өлкөлөрүнүн «Ас-Сафа»,  “Ас-Салам”, “Ихсан Хайрия” кайрымдуулук фондусу тарабынан 42,1 млн. сом каралып  Жайыл, Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда суу мунарасын куруу жана  калыбына келтирүү суу түтүктөрү орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй облустук өнүктүрүү фондусунун эсебинен 2022-жылга 13,9 млн. сомго  проект жасалган Ысык-Ата, Аламүдүн жана Сокулук  райондорунда ичүүчү суу камсыз кылуу иштери жүргүзүлөт.

 Жыйынтыгында, жогоруда аталган токтомдун негизинде саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын иштебей тургандыгына карабастан, саркынды сууларды тартып келүүчү канализация түтүктөрүн куруу зарыл экенин белгилейт.

 

            Билим берүү

Мектепке  чейинки билим берүү

Чүй облусунун билим берүү системасында 25 578 балдарды камтыган 248 мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар.

2022-жылдын 3 айдын ичинде Чүй облусу боюнча 2 бала бакчанын имараты 56,0 млн.сомго ишке берилди:

1) Жайыл районунун  Новониколаевка айылында “Балалык” 100 орундуу бала бакча 32,0 млн. сомго курулган (ЖБ — 6,0 млн. сом АРИС долбоору -26,0 млн. сом)

2) Панфилов районунун Кум-Арык  айылында “Таалимтай” 50 орундуу бала бакча 24 млн. сомго курулган (ЖБ — 1,5 млн.сом, АРИС долбоору — 22,5 млн. сом);

 

Мектептик билим берүү

Чүй облусунун билим берүү системасында 216 364  балдарды камтыган 333 билим берүү мекемелери бар.

2021-2022 окуу жылына 1-класска 22839 кабыл алынды

2021-2022 окуу жылында 9-класста 16650 окуучу,

2021-2022 окуу жылында 11-класста 8697 окуучу билим алууда.

 

2022-жылдын 3 айдын ичинде Чүй облусу боюнча 1 мектептин жаӊы имараты жана 1 кошумча корпус 149,0 млн сомго курулуп, ишке берилген:

1) Чүй районунун Кошкоргон айылында 350 орундуу орто мектеп Р/Б эсебинен 52,0 млн сомго курулган;

2) Сокулук районунун Селекция айылында 500 орундуу орто мектепке 1 кошумча корпус Р/Б эсебинен 97,0 млн сомго курулган;

 

2022-жылдын ичинде 18 билим берүү объектилери курулууда:

 

Кадр маселеси

Чүй облусундагы мектептерде 10739 мугалим эмгектенет, алардын ичинен пенсия курагындагылар 2115 мугалим.

Жаңы келген жаш адистердин саны 427 мугалим.

Жетишпеген адистердин саны 464 мугалим.

 

Маданият

Чүй облусунда жалпы – 397 маданий мекемелер;

169 клубдук мекемелер, алардын ичинен 8 райондук клуб, 3 шаардык маданият үйү, калгандары айылдык клуб,  балдар музыкалык мектептери – 13,   китепканалар – 211,   музейлер – 4 иштейт. Мындан сырткары   Ш.Термечиков атындагы театр,   облустук камералык оркестр иш алып барат.

2022-жылдын 1-кварталында  6  маданият мекемесинде капиталдык оӊдоп түзөө иштери жалпы суммасы 18млн 989 миӊ сомго өткөрүлдү. Каржылоо булагы боюнча 15 млн 060 миң. сом республикалык бюджеттен, 1млн 282 миӊ сом жергиликтүү бюджетттен жана 2млн 647 миӊ сом башка булактардан каржыланды.

2022-жылдын 1-кварталында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгынын алкагында, Чүй облусунунун бардык райондорунда бекитилген графиктин негизинде төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлдү:

-15-февраль Ооган согушунда курман болгон жоокерлерге арналган эстеликтин алдында Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнүн 33 жылдыгына карата иш-чаралар;

3-март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, райондук мамлекеттик администрациялардын жана Токмок шаарынын мэриясынын  жетекчилери, кызматкерлери катышуусунда салтанаттуу иш-чаралар өттү.

5-март Улуттук кийимдер жана ак калпак күнүнө карата Чүй облусунун бардык аймактарында иш-чаралар уюштурулду;

8-март Эл аралык аялдардын күнүнө карата майрамдык иш-чараларКыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары тарабынан бекитилгенграфиктин негизинде жер-жерлеринде жогорку деңгээлде иш-чарпалар уюштурулду.

21-март Чүй облусунун аймактарында  Нооруз улуттук майрамына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

7-апрель Бардык райондордо апрель жана июнь окуяларында курман болгондорду эскерүү митинг-реквиеми өттү.

25-апрель Чернобыль апаатынын 36-жылдыгына карата митинг-реквием болуп өттү.

 

 

Саламаттыкты сактоо

Облус боюнча 2022-жылы 1 кварталда 1251 дарыгер (2021-жылы — 1253), 3162 (2021-жылы — 3109) орто билимдүү медициналык билими бар кызматкерлер эмгектенет.

Чүй облусу боюнча 2022-жылдын 3 айдын ичинде тейленген калктын саны – 1064865 (2021-ж. – 1110746) адам.

Кургак учук

2022-жылдын 3 ай ичинде 206 оорулу, ал эми салыштырмалуу 2021‑жылы 222 оорулу катталган. Кургак учуктун көрсөткүчү  2022 жылга  – 100 000 адамга  19,6 адам туура келди, ал эми 2021 жылы  көрсөткүч 23,4 болгон.

2022- жылдын 3 ай ичинде  өлгөндөрдүн  саны 10, көрсөткүч 1,0 болгон  ал  эми   2021–жылы   26  олум  катталыб,   корсоткуч  2,7  болгон.

Кургак учук менен 2022 жыл 3 ай  ичинде каза болгон балдар жана өспүрүмдөр катталган жок.

 

Кадр маселеси

Учурда Чүй облусу боюнча саламаттыкты сактоо мекемелеринде 159 дарыгер жетишпейт (кардиолог, эндокринолог, педиатр, терапевт, акушер-гинеколог, инфекционист, офтальмолог, анестезиолог-рениаматолог, иммунолог, неонетолог ж.б.), анын ичинен 31 дарыгер ооруларды алдын алуу санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна (эпидемиолог, лаборант, дезинфекционист, энтомолог, иммунолог ж.б.).

Жаш адистерди тартуу боюнча бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Мисалы, 2021-жылдын 28-апрелде И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында клиникалык ординатура жана интернатура бүтүрүүчүлөрү менен он-лайн формат менен жолугушууга жумуш жарманкесине Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору катышып, облустун саламаттык сактоо мекемелерине муктаждык болуп жаткан адистер боюнча жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлө турган жардамдар боюнча презентация көрсөтүлгөн.

 

Ачылган объектилер тууралуу

 

2022-жылдын 3 айында  саламаттык сактоо мекемелерин өнүктүрүү, жергиликтүү калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн Чүй облусу боюнча 9 саламаттык сактоо мекемелери эксплуатацияга берилди 68,9 млн. сомго.

1) Кемин районунун Кара-Булак айылына фельдшердик-акушердик пунктту башка булактардын эсебинен 4,5 млн. сомго курулган (Ассаанабил фондунан 4,5млн. сом);

2) Чүй районунун Сайлык айыл аймагынын, Сайлык айылындагы фельдшердик-акушердик пунктту капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн (Чүй облустук өнүктүрүү фондунун эсебинен 4,3 миң сомго курулган, ЖБ-64 миң сомго) курулган;

3) Чүй районунун Кегети айыл аймагынын Чапай айылына фельдшердик-акушердик пункт (Катар кайрымдуулук фондунун эсебинен 1,8 млн. сом, ЖБ-20 миң сомго) курулган;

4) Ысык-Ата районунун Алмалуу айылына үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (“Ассанабил” кайрымдуулук фондунун эсебинен 5,4 млн. сомго) курулган;

5) Ысык-Ата районунун Кант шаарында вирусологияык лаборатория (“Азия” өнүктүрүү фондунун эсебинен 16 млн. сомго) курулган;

6) Жайыл районунун Сары-Булак айыл аймагынын Монголдор айылына фельдшердик-акушердик пунктту 3,0 млн сомго (ЖБ – 275,0 миӊ сом, Ассанабил кайрымдуулук фондунан 2,7 млн. сом) курулган;

7) Жайыл районунун Жайыл айыл аймагынын Алексеевка айылына вирусологиялык лаборатория (КР Саламаттык сактоо министрлиги Ислам өнүгүү банкы менен биргеликте – 29,6 млн. сомго) курулган;

8) Жайыл районунун Сары-Коо айыл аймагынын Алтын айылына фельдшердик-акушердик пунктту 3,4 млн сомго (РБ-2,7 млн. сом, ЖБ-0,7 млн. сомго) курулган;

9) Панфилов районунун Кум-Арык айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу 3,0 млн.сомго курулган (“Ассанабил” кайрымдуулук фондунун эсебинен 3,0 млн. сомго) курулган.

 

            Социалдык коргоо

  • Мамлекеттик жөлөкпул алуучулар тууралуу маалымат

 

Мамлекеттик жөлөк пул алуучулар тууралуу

2022 – жылдын 1-кварталынын  жыйынтыгы менен мамлекеттик социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 19944 адамды түзгөн, өткөн жылга салыштырмалуу 756 адамга көбөйгөн (2021-жыл 1 кв – 19188 адам).

Мунун себеби, миграциялык агымдын өсүшү, балдардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү менен туулгандыгы ж.б.

2022-жылдын 1кварталынын жыйынтыгы менен балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул алуучулардын саны 4424 үй-бүлөнү түздү, өткөн жылга салыштырмалуу 1202 үй-бүлөөгө көбөйгөн  (2021-жыл 1кв — 3222 үй-бүлө болгон).

 

Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө Республикалык бюджеттен 240 728,1 миң. сом акча каражаты бөлүнгөн.

 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тууралуу маалымат

 

Чүй облусу боюнча 2022-жылдын 1-кварталына – 20 587 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашаганы аныкталган, анын ичинен 18 жашка чейинки балдар – 5 629 бала.

Пандустардын саны 677 саналган.

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумуш менен камсыздоо иштери жүрүп, жалпысы 678 адам жумуш менен камсыз болгон.

 

Кыскача маалыматтар:  

Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу  менен калктын  жашоо деңгээлин жогорулатуу жана анын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу максатында жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталат иш-аракеттер жасалууда .

Чүй облусунун социалдык-экономикалык абалы төмөнкү көрсөткүчтөр менен мүнөздөлөт.

2022-жылдын январь-март айларында облустун өнөр-жай тармагында 30586,1 млн. сомго продукция өндүрүлүп, 2021-жылдын январь-март айларына салыштырганда физикалык көлөмдүн индекси 106,2 пайызды түздү.

Айыл чарба продукцияларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң чыгарылышы 2022-жылдын үч айында 9235,5 млн. сомду же өткөн жылдын отчёттук мезгилине карата 100,9 пайызды түздү.

2022-жылдын январь-март айларында курулушка негизги капиталдык инвестициялардын жалпы көлөмү 1905,3 млн. сомду түздү, бул мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда (салыштырма баада) 14,7 пайызга жогорулады.

2022-жылдын үч айларында 2,3 млн. тонна жүк (2021-ж. январь-мартына карата 101,9 пайыз) жана 29,1 млн. жүргүнчү (100,9 пайыз) ташылган.

2022-жылдын январь-март айларында соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди, турмуш-тиричилик жана жеке колдонуудагы буюмдарды оңдоонун жүгүртүүнүн көлөмү 21200,7 млн. сом суммасында (салыштырма баада 17632,6 млн. сом) түзүлдү жана 2021-ж. январь-мартына  салыштырмалуу иш жүзүндөгү баада 9,8 пайызга өсүп, ал эми  салыштырма баада – 0,3 пайызга өскөн..

Соода жүгүртүүдө, мейманканаларды жана ресторандарды кошпогондогу кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 2022-жылдын январь-март айларында, мурунку жылдын январь-март айларына  салыштырганда 0,8 пайызга өстү жана 1442,0 млн. сомду түздү.

2022-жылдын январь-февралында бир кызматкердин орточо номиналдык эмгек акысы (чакан жана орто ишканаларды эсептебегенде) 17582,1 сомду түздү жана 2021-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 10,0 пайызга өстү.

2022-жылдын 1-апрелине  карата калкты иш менен камсыз кылуу органдарында каттоодо турган жумушсуз калктын саны 6,5 миң адамды түздү, алардын ичинен расмий жумушсуздук статусун 5,8 миң. адам ээледи.

Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан экономиканы турукташтыруу максатында коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу  жана коллегияда айтылган сунуштарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын коллегиясы

                                      чечим кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым

укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары  Кыдыкеев Сыргак Биляловичтин “Чүй облусунун 2022-жылдын биринчи кварталынын   жыйынтыгы менен социалдык-экономикалык өнүгүүсүү” боюнча берген маалыматы эске алынсын.

  1. Райондук мамлекеттик администрация башчыларына, Токмок шаарынын мэри жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына:

—  республикалык жана жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көтөрүү максатында көмүскөдө  иштеп жаткан  субъекттерди  аныктап, каттоого алуу иштер улантылсын;

— баардык  тармактар боюнча  инвестиция тартуу менен жаңы ишканаларды ачуу жана ишке киргизүү аракеттери көрүлсүн;

— инвесторлор менен жергиликтүү коомчулуктун ортосунда узак мөөнөттүү  өз ара пайдалуу мамилелердин сакталышын жана региондорго тартылган туристтердин  коопсуздугун  камсыздоого өзгөчө көңүл бурулсун;

—  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  Төрагысынын 2021-жылдын 31-декабырындагы “Ишкердик субъекттердин контролдук-кассалык машиналарды колодонуусун камсыз кылуу жолу менен салыктык башкаруу боюнча ишти координациялоо” №713 Тескемесин аткаруу максатында салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын жана кассалык-контролдоо машиналарды онлайн режиминде колдонуу   боюнча кеңири түшүндүрүү   иштери улантылсын.

  1. Чүй облусунун райондук мамлекеттик администрация башчыларына жана Токмок шаарынын мэрине, Чүй облусунун “Түндүкэлектро” ачык акционердик коомунун башчысына (Н.К.Осмонов);

— электр энергия   боюнча  пландалган лимитти сактоону көзөмөлгө алуу менен дебитордук карызды өз мөөнөтүндө чогултуу  жагы тапшырылсын.

  1. Райондук мамлекеттик администрация башчыларына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы (С.Э.Джантелиев), райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчыларына:

— “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 2022-жылдын планына республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу объектилердин Тизмесине киргизилген   объектилердин   өз убагында сапаттуу аткарылышы көзөмөлгө   алынсын  жана жекече жоопкерчилиги жүктөлсүн.

— Райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчылары, райондук суу чарба башкармалыгынын башчылары:

—  вегетациялык мезгилде 2021-жылдагы суунун тартыштыгын жана кургакчылыгындагы иш тажрыйбаны эске алуу менен   2022-жылы мүмкүн болушунча суунун жетишсиздигин жоюу менен кризистик кырдаалды болтурбоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу  максатында:

— сугат суусунун жетишсиздигин алдын алуу максатында тоо булактарындагы жана башка  суу ресурстарын максималдуу колдонуу  жагы өзгөчө көзөмөлгө алынсын;

— 2022-жылдагы вегетациялык мезгилде жасалып жаткан иш-аракеттер боюнча массалык маалымат каражаттарына кеңири чагылдырылсын.

  1.    Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын  башчысына (Э. Жакыпов), Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигине караштуу жол чарба департаментинин алдындагы Чүй облусунун “Бишкек-Нарын-Торугарт” автожолунун башкармалыгынын башчысына (Т.Макеев);

— облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын талабына ылайык, авариялык коркунучтуу участоктордо оюлган жолдорду калыбына келтирүү жана ремонт иштери улантылсын;

— жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында жол белгилер жана сызыктар өз убагында оӊдолуп, көзөмөлгө алынсын;

— мектептердин жана бала-бакчалардын имараттарынын авто унаа жолдорунда  жол белгилерин жаӊыртуу, жолдун сызык белгилери жана жөө жүрүүчүлөр өтүүчү тилкеси түшүрүлсүн жана (зебра) белгилерди жасоо иштери улантылсын;

  1. Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана түзүлгөн көйгөйлөрдү тез арада чечүү жагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түздөн түз милдети катары белгиленсин.
  2.   Райондук мамлекеттик администрация башчылары жана Токмок шаарынын мэри:

— балдардын өмүрүн коргоо, ден-соолугун сактоо жана балдарга карата ырайымсыз мамилелерди болтурбоо боюнча алдын алуу иштери күчөтүлсүн;

— жаш өспүрүмдөрдүн арасындагы тартип бузуу, кылмыштуулукту жана суицидди алдын алуу иштери боюнча иштер жүргүзүлсүн;

— диний багытындагы терс көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча  тийиштүү иш-чаралар көрүлсүн;

— мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, калкка медициналык сапаттуу кызмат көрсөтүү жана мамлекеттик социалдык жөлөкпул алуучулардын санын кыскартуу боюнча комплекстүү иш-чаралар күчөтүлсүн;

  1. Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси (Мамытова Б.К.):

— коронавирус инфекциясына каршы калкты эмдөөдөн өткөрүү боюнча күчөтүлгөн чаралар көрүлсүн;

— калкка медициналык сапаттуу кызмат көрсөтүү жана ооруларды алдын алуу боюнча иш-чаралары күчөтүлсүн;

— энелердин жана балдардын өлүмүн кыскартуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлсүн.

  1. Ысык-Ата райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Чүй облусу боюнча кызматтын ишин координациялоо функциялары менен башкы дарыгери (Байганаев Н.Ш.)

— санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин бекем сакталышы боюнча мониторинг  жана калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;

— сибир жарасы, бруцеллез жана холера оорусу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйруктарынын, талаптарынын аткарылышына көзөмөлгө алынсын.

  1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министралигинин Чуй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы (Эгембердиев А.Б.):

— массалык маалымат каражаттары аркылуу калк арасында өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери  үзгүлтүксүз  жүргүзүлсүн;

— өзгөчө кооптуу коркунучтуу аймактарга ар убакта көзөмөлдөө жагы тапшырылсын;

— “Атайын алдан алуу жана кесепетин жоюу” боюнча мерчеминин негизинде иш-чаралар өткөрүлсүн;

— өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу сел жана ташкын сууларын, кыртыш сууларынын денгээлин төмөндөтүү боюнча коргоо иш-чараларын сапаттуу өткөрүү жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен келип чыккан адам жоготууларына жол бербөө үчүн иш-чаралар өткөрүлсүн.

  1. Чуй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнун башысы (Э.Н. Жакыпов):

— жол кырсыктары көбөйгөн райондордо тийиштүү кызматтардын ишмердүүлүгүн күчөтүү боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлсүн.

  1. Райондук мамлекеттик администрацияларынын башчыларына, Токмок шаарынын мэрине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, Чуй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы (С.Т.Асаналиев):

— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24 февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү чаралар  жөнүндө”  №54 Жарлыгынын  аткарылышы өзгөчө көзөмөлгө алынсын жана  калк арасында кеӊири түшүндүрүү  иштери улантылсын;

— жергиликтүү тургундар тарабынан айыл аймактарда, шаарларда жана калктуу конуштарда   таштандыларды көрсөтүлбөгөн жерлерге ыргытуусу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери өз убагында жүргүзүлсүн жана  көзөмөлгө алынсын;

— имараттардын фасаддарын тазалоо, көчөлөргө түнкү жарыктандырууну орнотуу, парктардын, скверлердин абалдарын көрктөндүрүү жана  өз убагында оңдоп-түзөө  иштери толук аткарууга алынсын;

— жол жээгиндеги башаламан соода сатык иштерин иретке келтирүү боюнча   Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык конкреттүү иш чаралар жүргүзүлсүн;

—  Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ченемдик-укуктук актылары, Кыргыз Республикасынын жогорку мамлекеттик органдарынын тапшырмалары, жарандарынын кайрылууларын  өз мөөнөтүндө аткаруу боюнча   аппараттык кеңешмелерде талкууланып, жооптуу кызматкерлер тарабынан тиешелүү иштер дайыма жүргүзүлсүн.

  1. Коллегиянын ушул чечиминин аткарылышын көзөмөл кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын тейлеген бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Нурзада Акмат

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика