Четверг, 26 мая, 2022
18.1 C
Бишкек

Кемин районунда «Жыл мугалими-2022» сынагы өткөрүлдү

Кемин районунда «Жыл мугалими-2022» сынагы өткөрүлдү. Аймактык турлардан алдыга суурулуп чыккан 4 мугалим облустук турга жолдомо алууга күч сынашты. Алар:
1.Коңурбаев атындагы Самансур орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Акбар кызы Мээрим
2. Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинин тарых сабагынын мугалими Айтмергенова Танзилия
3.Шабдан-Ата орто мектебинин англис тили мугалими Абдрасулова Таалайкүл
4. А. Казакбаев атындагы Чым-Коргон орто мектебинин адам жана коом сабагынын мугалими Айталиева Дилназ
Мыктылар өзүн-өзү жактоо, видео сабак, инновациялык сабак, тестирлөө, эссе жазуу сыяктуу тапшырмаларды аткарып, тийиштүү бааларын алышты.
Жыйынтыгында:
А. Казакбаев атындагы Чым-Коргон орто мектебинин адам жана коом сабагынын мугалими Айталиева Дилназ облустук турга жолдомо алды. Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын «Билим Даңкы» төш белгиси, акчалай сыйлыгы менен сыйланды.
1-орунду
Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинин тарых сабагынын мугалими Айтмергенова Танзилия ээледи.
2-орунду Шабдан-Ата орто мектебинин англис тили мугалими Абдрасулова Таалайкүл
3-орунду Коңурбаев атындагы Самансур орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Акбар кызы Мээрим ээледи.
Катышуучулар райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары, профсоюз уюмунун белектери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сыйлыктары менен сыйланышты.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика