Четверг, 26 мая, 2022
17.1 C
Бишкек

Крупская айыл аймагы өнүгүүнүн жолунда

“Элет өнүксө-өлкө өнүгөт”-деп бекеринен айтылбаса керек. Андыктан биз бүгүн Сокулук районуна караштуу Крупская айыл аймагында аткарылып жаткан иштер боюнча кеп кылмакчыбыз. Аталган аймакта бүгүнкү күндө калктын аярлуу катмарына социалдык жактан колдоо көрсөтүү эң маанилүү иштердин бири катары эсептелет. Бул маселеге өзгөчө көңүл бурулгандыктан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө буга чейин 129 социалдык паспорт берилген.

Мындан тышкары 69 жаранга ай сайын көмөк көрсөтүлүп, 188 балага 810 сомдон жөлөк пул берилип турат.  “Балдарды жана үй-бүлөнү колдоо” борборунда муктаж болгондорду социалдык жактан колдоо үчүн социалдык дүкөн да ачылган. “Таза айыл”  муниципалдык ишканасы айыл аймакты таштанды калдыктарынан арылтуу менен элге тынымсыз кызмат көрсөтүп келет. Айыл өкмөтү билим берүү тармагына да өзгөчө көңүл бургандыктан мектептерди утурумдук оңдоо иштеринен өткөрүп, керектүү жабдыктар менен камсыз кылып турат. Айыл чарба тармагын алсак, учурд 866 дыйкан жана фермердик чарба, 1 айыл чарба азыктарын өндүргөн жамааттык чарба түптөлгөн. Крупская айыл өкмөтү 2006-жылдан бери Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) менен тыгыз кызматташып келет. Бул агенттик айыл аймакты өнүктүрүүдө негизги өнөктөш болгондуктан айылдын инфраструктурасынын жакшырышына колдоо көрсөтүп келет.

“Иштерман жетекчи-ийгиликке себепчи”-демекчи,  буга чейин райондук мамлекеттик администрацияда, райондогу Камышановка айыл өкмөтүндө жооптуу кызматтарды аркалаган, Крупская айыл аймагында айылдык кеңештин депутаты болгон Жеңишбек Эдигеев башчы болуп келген 5 жылдын аралыгында аталган аймакта бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгын баса белгилеп кетмекчибиз. Былтыркы жылды эле  ала турган болсок, бюджеттин киреше бөлүгү пландаштырылган 60950,0 сомдон 69302,6 сомго чейин жеткирилген. Анын ичинен ФПС жерлеринин салыгы план боюнча 5685,9 сом болсо, иш жүзүндө  бюджетке 5987,6 миң сом түшкөн. Айыл чарба мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча иштин жыйынтыгы 176,9 пайызга аткарылган. Жыл сайын айыл өкмөтүндө курултай өткөрүлүп, анда айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу аткарылган иштер боюнча айыл аймак башчысынын отчёту берилип турат. Ички жолдорду оңдоо боюнча жергиликтүү бюджеттен жыл сайын тиешелүү суммадагы акча каражаты бөлүнүп турат. Ал каражатка жыл ичиндеасфальт, шагыл төшөө жана жамоо иштери жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күндө айыл өкмөттө жарандарга кызмат көрсөтүүдө документ иштери толугу менен электрондук форматка өткөрүлгөн.

Крупская айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңишбек Эдигеевдин 2020-жылга карата бекитилген иш-планынын негизинде жыл ичинде дайыма, зарылчылык учурда жана квартал сайын аткарыла турган иш-чаралар анын жеке көзөмөлүндө тургандыгын да айта кетпесек болбос. Дегеним, азыркы кезде баарыңыздарга маалым болгондой Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы №228  токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 1-декабрындагы №291-б буйругунун, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 10-декабрындагы №14 токтомунун негизинде 2022-жылы айыл аймактарда калкты жана турак жай фондун каттоону өз убагында сапаттуу даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуу иштери айыл аймакта кызуу жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат

-Крупская айыл аймагы 1980-жылы негизделген.

-Курамы: Арал, Алыскы Арал, Сокулук айылынын бөлүгүнөн турат.

-Айыл аймакта кыргыз, орус, украин, белорус, дунган ж.б. улуттарды кошкондо калкынын саны жалпысынан 18200 адамды түзөт.

-Айыл аймакта 3 орто мектеп, 1 толук эмес мектеп, 1 кесиптик лицей, 2 ФАП, 1 ҮБДТ, 1 аймактык оорукана, 24 өндүрүш тармагы жана мекемелер, 1 музыкалык мектеп, 2 бала бакча, 1 маданият үйү, 2 спорт комплекси, 1 китепкана, 6 мечит, 1 чиркөө жайгашкан.

-Айыл аймакта жайгашкан 4010 түтүнгө тиешелүү 1146 батир жылуулук системине туташкан:  алардын ичинен 527 түтүнү жаратылыш газы ,1255 түтүнү  электр жана 937 түтүнү көмүр менен жылытылат.

-Айыл аймактын өнүгүүсүнүн негизин айыл чарбасы түзөт.

-Айыл аймактын калкы негизинен жергиликтүү өндүрүш тармактарында эмгектенишет.

                                                                              Нурлан  ИСАМАТОВ

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика