Четверг, 26 мая, 2022
17.1 C
Бишкек

Киров көчөсүндөгү эски там

Москва районундагы Беловодское айылындагы Киров көчөсүндө болгону эки терезеси гана бар эскилиги жеткен чакан там аңгырап ээн.   Буга окшогон эски үйлөрдү өз учурунда Украинадан жер которуп көчүп келишкендер салышкан экен. Колдон колго өтүп олтуруп, канчалаган ээсин алмаштырган там азыр жалгыз, дубалдары урап, көргөндүн көңүлүн бурат.  Бул үйдү карап туруп, анын акыркы кожойкеси жердешибиз Елена Матовичтин тагдыры туурасында айткыбыз келди.

Елена Марьяновна Матович жыл башында 62 жашка чыкты. Ал Казахстанда төрөлүп, ошол жакта балалык чагын өткөргөн. Эгерде оорунун азабын тартпаса балким Казахстанды мекендеп өмүрүнүн акырына чейин жашамак. Бирок ал ойлогондой болгон жок.  Лена мектепти аяктап, техникумга тапшырган соң  товаровед кесибин алып, жашоосундагы биринчи кадамды эми таштаганда алгачкы сүйүү сезими капысынан сезимин ээлеп алат.  Болочок күйөөсү Николай экөө кыз-жигит болуп сүйлөшүп калышат. Көп өтпөй Николай колун сурап, жаштар 1982-жылы үйлөнүшөт.  Жашщ жубайлар Алена жана Таня аттуу эки кыздуу болушат. Жашоолору эл катарында, өз нугунда өтүп жатканда  4 айлык кызы Танянын астма оорусу менен ооруп калат. Барбаган догдуру, ичпеген дарысы калбайт. Айлап, жылдап ооруканадан чыкпай, тапкан акчаларын дарыга, ооруканага жумшап, “ага деле макул, эптеп эле кызым айыгып кетсе болду”, — деп Елена кудайга жалынат. Аба жетпей, дем кысылып, пристубу кармаганда кызы көгөрүп жатып калчу.

1984-жылы Елена кызы менен Кырызстанга Беловодское айылындагы курбусунукуна конокко келип бул жактын  абасы кызы экөөнө тең абдан жагып калат, анын үстүнө кызынын оорусу басылгансып калат. Эки жылдан кийин дагы коноктоп келип кетишет. Бул сапар курбусунукунда көбүрөөк жатышат. Болгону эки жуманын гана аралыгында кызынын ахыбалы жакшырып, бир да жолу оорубай, коркпостон керең дем алып калганын көргөн Елена Кыргызстанга көчүп келүү жөнүндө ойлоно баштайт.

Ошентип 1987-жылы Елена үй-бүлөсү, ата-энеси менен чогуу Беловодск  айылындагы Киров көчөсүнөн чакан үй сатып алып Кыргызстанды мекендеп жашап калышат. Кичинекей үй тардык кылгандыктан кийинчирээк чоң үй сатып алышат. Кыргызстанда үчүнчү баласы – Саша төрөлөт. Жыл сайын кызын алып Ыссык-Көлгө дем алып, акырындык менен оорусунан айыгып кетет. Елена өзү эсепчи болуп жумушка орношот. Күйөөсү Беловодскидеги маслозаводко айдоочу болуп кирет. Анын аркасынан сүт заводуна Елена да ээрчип химлабораторияга жумушка орношот. Ал учурда заводдун директору А. В. Олейников  Еленанын астма оорусун уккан соң химиялык лабораторияда иштөөгө болбостугун айтып,  Еленага заводдун менчик дүкөнүнө сатуучу болуну сунуштайт. Кандай иш болсо да кыйынчылыктан коркпогон жана көздөгөнүн бербеген Елена ал жерде тырышып иштеп, планды 2-3 эсеге ашыгы менен орундатат. Натыйжада завод кошумча дагы 2-3 дүкөн ачып, Елена күйөөсү экөө дүкөндөргө май, сыр, сүт продукцияларын жеткирип таворовед болуп иштеп калат. Тилекке каршы, 90-жылдары заводдун иши жакшы жүрүшпөй, дүкөндөр жабылып, Елена жумушу жок калат. Андан тышкары ден соолугу да начарлап, өзүн кароого туура келет.  Бирок маслозаводдо иштеген жылдары каарманыбыз дасыккан адис катарында элге таанымал болуп сый-урматка ээ болот. Мисалы, учурда сатыкка чыгып жаткан “Беловодское” сары майынын кандай шартта өндүрүлүп жаткандыгы, канчалык деңгээлде экспортко чыгарылаары туурасында бардык маалымат ага маалым. Еленанын айтымында азыркы сары май мурункудай эмес, сызгырганда көбүгү өтө көп чыгат, дасторхонго койгондо бат эле ээрип калат, муздаткычта көпкө сакталбайт.

Учурда биздин каарман карылыкка, кыйнаган ооруларына баш ийип үйүндө отуруп калган жок. Ал коомчулук жумуштарга активдүү катышып, ар дайым элдин камын ойлоп келет. Балдарын туну Алена Россияда юрист болуп иштейт, Татьяна – чачтарач. Александр жөнөкөй жумушчу. Азыр Елена көп кабаттуу үйдө турат. Ал жерде да үйдүн кем карчыларын оңдоп-түзөөгө чуркап, кошуналары менен биргеликте маселерди чечүүгө ар дайым демилге көтөрүп турат. Быйыл өмүрлүк жолдошу Николай экөөнүн түтүн булатып келе жатышкандарына туура 40 жыл толот. Андан бери 3 балалуу, 11 неберелүү болушту. Тагдыр жолунда канча деген кыйынчылыктарды чогуу баштарынан өткөрүштү.  Ал эми Киров көчөсүндөгү кичинекей эски там дагы деле бар. Беловодскиде жашап жатышкандарына 30 жыл болсо, ошол жылдардын көпчүлүк бөлүгү ушул тамда өткөн. Ушул чакан үйдөн  бул үй-бүлөнүн Кыргызстандагы жашоосу башталган. Ушул тамдан агарып-көгөрүп, балдарын чоңойтушуп көп кыйынчылыктар менен катар жакшылыктарды да көрүшкөн.

Гүлмира Убакеева

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика