Четверг, 26 мая, 2022
17.1 C
Бишкек

Бурананы сактоого арналган салтанат

“Кыргызстандын XI  кылымдагы Бурана мунарасы эстелигин антропогендик жана сейсмикалык коркунучтардан сактоо” долбоору ишин былтыр күзүндө баштаган. Белгилей кетсек,  аталган долбоор  “Музейдик демилгелер борбору” коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып, АКШнын маданий мурастарды сактоо боюнча  элчиликтери фонду тарабынан каржыланып келет. Долбоордун негизги максаты- калкты Бурана мунарасын сактоо боюнча маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

.1-апрелде  аталган долбоордун алкагында «Бурана»  тарыхый-археологоиялык музей комплексинин аймагында  “Бурана Фест” аталыштагы маданий иш-чара болуп өттү. Ага

Кочкор районунун жана Чүй районуна караштуу Шамшы, Рот-Фронт, Искра, Талды-Булак, Отуз-Уул, Сайлык, Орловка, Кең-Булуң, Ак-Бешим, Жаңы-Жол, Бурана, Совет, Алчалуу, Кызыл Аскер айылдарынын туризм колледжинде билим алган 100гө жакын студенттери чакырылып,  билим, тажрыйбаларын  өркүндөтүштү. Алар менен бирге иш-чарага жергиликтүү тургундар да катышышты. Бул тууралуу “Бурана” музей-комплексинин директору  Анита Шаменова билдирди.

Анын айтымында“Бурана” мунарасын сактоо боюнча калктын маалымдуулугун жогорлатуу «Бурана Фест» иш-чарасынын  жүрүшүндө көрсөтүлгөн улуттук музыкалык аспаптар, улуттук кийимдер, улуттук оймолор, кийиз менен иштөө, улуттук тамак-аштар жана бийлер боюнча өткөрүлгөн мастер-класстар менен коштолду. Студенттер ордо, чүкө ойноо, тогуз кыргоол сыяктуу улуттук оюндарга катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чаранын катышуучуларына  мастер-класстарды борбор калаадан келген кол өнөрчүлөр жана атайын адистер Үмүткан Катыраева, Жибек Султанова, Маратбек Берикбаев, Каныбек Дадакбаев, Махабат Жапарова, Чынара Турсунбаева жана Махабат Асатиллаева  мастер-класстарды өткөрүшүп, баарына жакшы маанай тартуулашты.

“Бурана” музей-комплекси шаңга бөлөнүп, иш-чаранын катышуучулары  улуттук тамак-аштар жайылган дасторконго коюлган максым, сары май, курут, каттама жана башка улуттук тамак-аштардан даам татышты.  Кол өнөрчүлөр тарабынан  жасалган улуттук кийимдер, баш кийимдер, баштыктар жана башка буюмдар көргөзмөгө коюлуп,  көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырды.

Долбоордун алкагындагы “Бурана” мунарасын сактоо боюнча калктын маалымдуулугун жогорлатууга багыттлаган  иш-чаралар улантыла бермекчи.

Б.Байдылдаева.

 

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика