Четверг, 26 мая, 2022
18.1 C
Бишкек

“Ас-Сафадан” балдарга — бала бакча

Өлкөбүздө Кувейттик “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун  социалдык обьектилерди курууда чоң салымдары бар экендиги калктын калың катмарына белгилүү. Тагыраак айтсак, мындан жарым жыл мурун аталган фонд шаарыбызга социалдык шаарчаны куруп, анын катарындагы “Аманат” конушу 3 гектардан ашык жер аянтын ээлеп, 104 батирлүү 26 үй, 250 орундуу жатакана жана ФАП колдонууга берилген. Аны менен бирге Токмоктогу №2 психоневрологиялык-социалдык стационардык мекемесиндеги эркектердин жатаканасы жана 672 чарчы метр жер аянтында 300 окуучуга эсептелген заманбап, бардык жабдуулары, окуу корпустары жана окуучулар үчүн жатаканасы бар мектеп-лицейин белек кылынган. Бүгүнкү күнү анда өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн, жалгыз бой энелердин балдары жана жетим балдар  билим алууда.  Эскерте кетсек, 2015-жылдан бери  өлкөбүздө фонд тарабынан 500дөн ашык турак-жай курулуп, колдонууга берилген.

2-апрелде жаңы конушта орун алган социалдык шаарчанын аймагында  Кувейттик “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду  тарабынан курула баштаган жаңы заманбап бала бакчанын фундаментине  капсула салынды. Курулуш иштери ошондой эле фонддун каражаттарына ишке ашууда. Белгилүү болгондой, бул соцшаарча-мектеп тутумундагы үчүнчү обьект болуп саналат. Учурда жалгыз бой энелер үйлүү-жайлуу болуп, балдары мектепте билим алууга мүмкүнчүлүк алышса, эми мектепке чейинки курактагы бөбөктөр  үчүн жарым жылдан кийин бала-бакчага барып, тарбия, билим алууга толук шарттар түзүлмөкчү.

Ал эми жалгыз бой энелер жумушка орношуп, үй-бүлөлөрүн  бага алышат.

Жаңы бала бакчанын фундаментине капсула салуу аземине Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев, шаардын мэри Урмат Самаев, шаардык кеңештин төрагасы  Тынайбек Сансызбаев катышышты. Шаарыбыздын өнүгүшүнө жана көйгөйлөрүн чечүүгө  көңүлдөрүн буруп, салымдарын кошкон “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун төрагасы  Мухаммед Абдулрахман Алшайага шаардын мэри Урмат Самаев ыраазычылык билдирүү максатында Кыргызстандын тоо пейзаждарын чагылдырган сүрөттү белекке тапшырды.

Келечектеги жаңы, заманбап эки кабаттуу бала бакча 1200 чарчы метр жер аянтын ээлеп, 22 баладан турган 4 жана 15 бала үчүн 1 тайпага эсептелинген. Анда кийинип-чечинүүчү, уктоочу, тайпалар үчүн бөлмөлөр, буфеттер, дене тарбия жана музыка сабактары  үчүн залдар жайгаштырылат.

Обьекттин курулушуна  Токмок шаары да өзүнүн салымын кошот. УМС билдиргендей, обьекттин айлана-тегерегин көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштерине, балдар аянтчасын орнотуп, асфальттоо иштерине, тосмолорду коюуга бюджеттен 6 млн.сом бөлүнөт. Курулуш иштерин подрядчиктер сентябрь айында бүткөрүүгө убадалашууда. Бетонщиктердин бригадири  Арзымат Сулаймановдун айтымында,  курулуш иштери күн батканга чейин жүргүзүлөт.  Учурда бала бакчанын котлованы казылып, курулуш материалдары жетиштүү.

Эскерте кетсек, Кувейттик “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду  тарабынан курулган соцобьекттер жардамга муктаж, жалгы бой энелерге жана жетим балдарга көмөк көрсөтүү, аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу , эки элдин ортосундагы өнөктөштүк, достук  мамилелерди чыңдоого багытталган.

Б.Байдылдаева.

 

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика