Среда, 4 октября, 2023
13.1 C
Бишкек

Бишкекте ок атуучу куралдар менен баңгизат бекитилген жерлер табылды

Бишкек шаарынан ок атуучу куралдар жана баңгизат бекитилген жай табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам маалымат боюнча, ушул жылдын 10-апрелине караган түнү белгисиз адамдар Бишкек шаарындагы мечиттердин биринин жанында жайгашкан курулуш таштандыларынын арасына бир баштык катып кетишкендиги аныкталган.

Бул факт 2020-жылдын 14-апрелинде текшерүү иш-чараларын уюштуруу максатында Маалыматтарды каттоо журналына катталып, жогоруда аталган жайда текшерүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжада бетон плитанын астынан ак түстөгү баштык табылып, ичинен 32 жана 12 мм калибрдеги 2 ок атуучу курал (араланган мылтык), 11 даана металл гильза, 3 даана граната жана спецификалык жыты бар кочкул жашыл түстөгү болжол менен 3 кг салмактагы (болжол менен гашиш) полиэтилен пленкасына оролгон буюм табылып алынган.

Азыркы учурда жогорудагы табылган нерселерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика