Вторник, 28 июня, 2022
32.1 C
Бишкек

Жайыл айылы: суу бар жерде , жашоо оңолот

Элди таза суу менен камсыз кылуу – мамлекеттеги өтө орчундуу маселелердин бири. Учурда чоң иштер аткарылып жатат. Бүгүнкү күндө республикада көп айылдар айыл таза сууга муктаж, алардын 390 мурда таза суу болбогон айылдар. Калганы өткөн кылымдын 60-70-жылдары курулуп, азыр эскилиги жетип, кайра курууга муктаж болуп турат. Министрлер кабинетинин  алдында ушул айылдардын баарын  толук таза суу менен камсыз кылуу милдети жүктөлгөн. Каржылык булагын чечиш үчүн сырттан каражаттарды тартуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Ал эми Жайыл районунун Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылынын 3-бригада тилкесинин 45 түтүндү тузгөн тургундар Орозо айынын алдында таза суу менен эч кимден жардам сурабай жалпы жамаат менен  аракет кылышып, үйлөрүнө өмүр булагын киргизишти.

Айылды таза суу менен камсыз кылуу демилгесин жаштар көтөргөн. Джаманкулов Калыбек, Джумашев Тимур, Сулайманов Бакыт, Акматов Алыбек, Эсенкулов Медер, Сулайманов Молдояр, Сулайманов Дышан, Сулайманов Шабдандан турган жаш муундун өкүлдөрү   каражат топтоп, демөөрчүлөрдү чакырып, эл арасында  үгүт иштерин жүргүзүп  чоң ишти башташкан.

“Жайыл” АЧӨКнин башчысы Авазканов Давлет, ишкер Ажибаев Таалай, айыл эли өздөрүнүн каражаттарын кошуп, жаш муунга чоң колдоо көрсөтүштү.

Кыска мезгилдин ичинде  мурунку кудуктан 2,5 км аралыкка  диаметри 110 мм жаңы түтүк орнотулду.

Жайыл айыл өкмөтүнүн жаш жетекчиси Кокоев Марат тийиштүү техника, күйүүчү май менен камсыз кылды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы болуп келгенине аз убакыт болсо да Кокоев Марат эл ичинде оозго алынып, алкышка ээ болгону мыйзам ченемдүү нерсе, анткени ал күндүр-түндүр иштеп, элдин жашоо деңгээлин көтөрөйүн деген ойдо.

Айыл аксакалдары Ажибаев Кемел, Исаев Сагынбек өз сөзүндө айыл ынтымагы тууралуу сөз кылышып, биримдикте жашоону  жакшыртууга азыр толук мүмкүнчүлүк бар экендиги туралуу сөз кылышты.

Ал эми айыл имамы Касым аксакал айыл калкын келе жаткан Орозо айы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Ошентип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып аркеттенгендин натыйжасында  Жайыл айылынын 3-бригадасынын тургундарынын үйлөрүндө таза суу пайда болду.

Акыл МУКТАР.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика