Четверг, 26 мая, 2022
17.1 C
Бишкек

Окуучуга мектептеги эн маанилүү кубулуш, эң үлгү болоорлук сабак, эн жандуу мисал бул – мугалим

Мамлекеттин өнүгүүсү-өсүшү, эркиндиги, өз алдынчалыгы, мамлекеттик-коомдук маселелерде ээн-эркин саясат жүргүзө алары, экономикалык өсүш жасап, учур талабына ылайык заманбап өнүгүшү үчүн мугалимдин кадыр-баркы олуттуу орунду ээлейт. Дегеним, Кыргыз коомчулугунда мугалимдин орду чоң. Өлкөнүн келечеги боло турган президентти, илимпозду, доктур дегеле адамды адам кылып тарбиялап, билимин берген мугалим десем жаңылбасмын. Бул жолу директордон дил маек рубрикабыздын каарманы Аламүдүн районунун Пригород айылындагы Пригород жалпы билим берүү мектебинин директору,  билим берүүнүн отличниги Исманова Айчүрөк Акжоловна болмокчу.

-Эжеке саламатсызбы? Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

-Мен 1968-жылы Баткен облусуна (Мурунку Ош облусуна) караштуу Сүлүктү шаарында төрөлгөм. Балалыгым дал ошол аймакта өткөн. Кичинекей кезимден тарта дал ушул аркалап жаткан мугалимдик кесиптин ээси болууну кыялданчумун. Директор болуп 2006-жылдан баштап иштеп келе жатам. Эмгек жолумду 1990-жылы орус тили мугалими болуп, Сүлүктү шаарында баштагам.

Сиз үчүн ардактуу мугалим деген ким?

-Ардактуу мугалим  бул патриот, жогорку деңгээлде өз ишин мыкты өздөштүргөн, билгенин окуучуларына үйрөтүп кандай учур болбосун жардамын аябаган  жоопкерчиликтүү инсан.

Учурда мектеп окуучуларынын ысык тамагы кандай болуп жатат. Мамлекет тарабынан 7 гана сом бөлүнөт экен. Мерсико же башка уюмдар менен келишим бүтсө балдарды кантип ысык тамак менен камсыздайбыз? ( Сиздин жеке оюңуз).

-3 жыл боюн Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен кызматташып, балдарды витаминдүү ысык тамак менен камсыздап келгенбиз. Ал эми азыр  бул келишимдер бүткөн. Азырынча биз мамлекет тарабынан бөлүнгөн 7 сом менен гана чектелдик. Менин оюмча ата-энелер менен тыгыз сүйлөшсөк алар деле балдар үчүн ысык тамакка жардамынан баш тартпай го деген ишеничтебиз.

Акыркы кезде, айрыкча акыркы 20 жылдыкта мугалимге болгон мамиле терс жакка өзгөрүп, аябай көңүл ооруткан окуялар кездешүүдө. Албетте мугалимдерди сыйлайбыз, бирок мугалимдин статусун көтөрүү үчүн сиздин оюңузча кандай кадамдарга баруубуз зарыл?

-Акыркы 20 жылдыкта чындыгында мугалимдерге болгон коомдун мамилеси өзгөрдү.   Негизинен  көпчүлүк учурда кээ бир мугалимдердин окуучунун алдында өзүн туура эмес алып баруусу го деп ойлойм. Мугалим келжек болсо, окуучу тентек болот. Окуучу менен мугалимдин ортосундагы байланыш бекем жана жакшы түзүлсө, ортодо терс көрүнүштөр болбосо керек. Менин оюмча Жогорку окуу жайлардын педагогикалык билим берүү факультеттерине кабыл алуу эрежелерин күчтүү кылуу керек. Ошондо гана бул багытта чыныгы кесипти сүйгөндөр, ысык – суугуна чыдай ала тургандар өтө алат. Азыр болсо  өзүн башка багыттардагы таппагандар же башка жака өтпөй калгандар деле тапшырып алып, диплом алып, анан мугалим болуп жүргөндөр канча? Ошол себептен эң мыкты студенттерди тандап алып , өз кесибинин мыктыларын даярдаса жакшы болмок деген ойдомун.

Мугалим болууда дегеле мектепте директорлук кызматта кандай кыйынчылыктар болот?

-Ар бир иштин кыйынчылыгы болгондой эле директордук кызмат да албетте кыйын. Чарба кызматкери, ата-эне дагы болуп, деги койчу ар учурда, ар кырдаалда чыдайсың. Көп кырдуу кесип. Бул кесипти таштагым келген  учурлар да болгон. Бирок,  бул ишке берилип, көнүп, өз кесибиңди сүйүп  калган соң балдарды, мугалимдерди дегеле мектепти таштап кетүү кыйын болот экен.  Өз кесибинин сүйүү аркылуу гана көп нерсеге жетет деген тыянакка келдим.

-Пригород мектебинде эң негизги көйгөй эмне?

-Ушул жерден айта кетсем, бизде кадр жетишпейт, өзгөчө орус тилинен мугалимдер абдан керек. Биздин мектеп 320 орунга эле ылайыкташтырылган. Азыркы  учурда 2 миңден ашык бала окуп жатат. Кабинеттер жетишпейт, ар бир класста 40 тан ашык окуучулар отурат. Коридорлордо сабак өтүп калабыз. Бул окуучулардын билим алуусуна гана эмес мугалимдер үчүн да чоң ыңгайсыздыкты жаратат.  Бирок, буюрса мектептин жанында жаңы, заманбап «Сауд өнүгүү фонддунун» каржылоосу менен 500 орундук кошумча имарат курулууда. Жаңы окуу жылына бүтөт деп чыдамсыздык менен баарыбыз күтүп жатабыз.

Мурун сиздер мектепте окуп жүргөн убакта тартип күчтүү, сиз жогоруда айткандай имараттын тартыштыгы жок. Ошого жараша окутуу да жогорку деңгээлде болуп, окуучулар кызыгуу менен окушканын билебиз. Ушундай кыйын щартта сиздер окуучуларды окутууда дегеле сапаттуу билим берүүдө кандай ыкмаларды колдоносоуздар?

-Биздин негизги максатыбыз балдарга сапаттуу билим берүү. Ошол максатыбызды артынан талыкпай эмгектенип, аракет кылуудабыз. Чындыгында биз окуучулар менен тыгыз иштешүүгө жана ар дайым жаңы технологияларды колдонуу менен сабактарды өтүүгө аракет кылабыз. Бизде мыкты окуган окуучулар бар, өткөн жылы окуучуларыбыз математика сабагы боюнча республикалык олимпиадада алдыңкы орунду ээледи. Андан башка да жетишкендиктерибиз да бар. Эми кошумча мектебибиз бүтсө мугалимдерде кичине болсо да убакыт болуп, мындан жакшы иштегидей шарт түзүлөт. Мен ага мектептин директору катары, мугалимдеримдин мүмкүнчүлүгүн билген адам катары жоопкерчилик менен айта алам. Ушунча саат иштегенибизге карабай көп ийгиликтерге жетишип жатабыз. Бир класстта 40тан кем эмес окуучуга билим менен кошо тарбия бериш билген адамга аябай оорго туруп жатат.

Мугалимдик кесипти тандап алган студенттерге кеңешиңиз?

-Өз кесибин сүйүп,  ар дайым изденип окуу керек. Жан дүйнө менен берилип, келечекте окуучулар менен тыгыз мамиле түзүп, жоопкерчиликтүү мамилеси менен  иштөөсү анын ийгилиги десек болот.

-Өзүңүздүн үй бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

Үй бүлөм боюнча айтсам 2 кызым жана жолдошум бар. Кыздарым жогорку билимдүү.

Маегиңиз үчүн чоң рахмат, ишиңизди ийгиликтер коштосун.

Азамат Дүйшөнбай уулу

 

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика