Четверг, 1 июня, 2023
26.1 C
Бишкек

Медицина кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана башка бир катар жетекчилер медицина кызматкерлери үчүн Бишкек шаарында көп батирлүү үйдүн курулушун баштоо аземине катышты.

Аталган турак жай Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Объектини пайдаланууга берүү болжолдуу түрдө 2023-жылдын апрель-май айларына пландаштырылган. Буга чейин салынган сегиз кабаттуу имараттын каркасын 12-кабатка чейин көтөрүү пландалууда.

«Биз тарыхый учурдун күбөлөрүбүз, бүгүнкү күнгө чейин дарыгерлер үчүн үйлөр курула элек болчу. Биринчи этапта бир үйдүн курулушун бүтүрүү пландалууда. Каржы булактары аныкталган соң, кийинки этапта дагы бир үй куруу каралган», — деди Бейшеналиев.

Министр курулуш иштери башталганын жана курулуш иштери аяктаганга чейин медицина кызматкерлерине турак жай алуу тартибин министрлик аныктай турганын белгиледи.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика