Четверг, 26 мая, 2022
18.1 C
Бишкек

Экономика жана коммерция министри: “Декларацияны жок кылуу бир жылдык гана акция”

Президент Садыр Жапаров жакында активдерди легалдаштыруу жана мунапыс берүү боюнча ишкерлер менен кеңири жыйын өткөргөн. Анда учурдагы кыйын кырдаалда активдерди легалдаштыруу жана мунапыс мыйзамы тууралуу сөз болуп, бийлик менен бизнес өз ара түшүнүү келишимине, башкача айтканда “мырзалык келишимге” кол койду.

Белгилей кете турган жагдай, буга чейин дагы бир нече жолу мүлктөрдү легалдаштыруу, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу боюнча мыйзамдар кабыл алынган. Бул жолу да ушуга байланыштуу мыйзам долбоору иштелип чыккан. Мурдагы мыйзамдар менен азыр кабыл алына турган мыйзамдын айырмачылыгы эмнеде, кандай кескин иш-чаралар жасала тургандыгы боюнча КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев төмөнкү суроолорго жооп берди.

Кандай жол менен көмүскө бизнести, обьектилердиачыкка чыгарууну көздөп жатасыздар?

-Буга чейин да бир топ жолу жолу легалдаштыруу иштери болгон, бирок алардын бардыгы ойдогудай натыйжа берген эмес. Негизинен бизнес тарабынан ишенбөөчүлүк, ал эми мамлекет тарабынан ачык-айкындык жана мамлекеттик кепилдик болбогондуктан ишке ашкан эмес. Бул маселени бизнес менен бирге иштешип, кемчиликтерин изилдеп чыккандан кийин азыркы мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул принципиалдуу мыйзам. Мыйзамдын негизги максаты – декларацияларды жок кылуу. Бирок бул жылдык гана акция. Бул ишке саясий эрк керек эле, саясий эрктиПрезидент өзү көрсөтүп жатат.

Ал жерде ишкерлер же мүлк ээлери буга чейин мыйзамсыз же жашырып жүргөн активдерин, байлыгын ачыкка чыгара турган болсо, декларация тапшырса, мамлекет аны жазалабайт деп түшүнсөк болобу? Аны ишке ашыруунун кандай механизмдери бар?

-Негизги биздин максат – Кыргызстандын инвестициялык климатын оңдоо жана өлкөбүзгө инвестиция тартуу. Ошон үчүн азыркы мыйзам долбоору мурдагы бир нече мыйзамдарга толуктоолорду киргизип жатат. Ал толуктоолор принципиалдуу. Мисалы, тамырланган атайынкылмыш иштерин карап жатканда далил базасы болуп эсептелинбейт. Андан тышкары банкта каражаты бар экендигин тастыктоонун кереги жок. Бул бир артыкчылык. Мындан тышкары, ыйгарым укуктуу органда атайын декларациянын эч кандай көчүрмөсү калбайт, ал декларанттын өзүндө гана болот.

Жалпысынан бул мыйзамдын максаты түшүнүктүү. Бирок бул мыйзам долбоорун талдап чыккан “Адилет” укуктук клиникасы анын Конституция баш болгон бир топ башка мыйзамдарга жана эл аралык конвенцияларга каршы келген жактары бар экенин, дагы бир топ тобокелдиктер болорун айтып чыкты. Бир топ жашыруун, мурда мыйзамсыз, коррупциялык жол менен табылган каражаттын бардыгы текшерилбей, жиги билинбей калышы мүмкүн деп жатат. Ушул сыяктуу тобокелчиликтер эске алындыбы?

-Булардын бардыгы эске алынган. Биз буга чейин деле “Адилет” укуктук клиникасынын талдоосун окуганбыз. Андан тышкары бизге Бизнес омбудсмендин да бул мыйзам долбоору боюнча көз карашы келип түшкөн. Анын үстүнө коррупциялык ишти далилдеп кармоо өтө эле кыйын. Ошон үчүн бул мыйзам долбоору чечкиндүү кадам болуп жатат. Азыр чечкиндүү кадамдарды жасабасак, бул мыйзамдын да иштеши күмөн болуп калат. Жогоруда айтылган себептен буга чейинки кампаниялардын натыйжасы жок болуп келген.

Андан тышкары дүйнө жүзүндө мындай кампанияларжасалып келген. Мисалы, өнүккөн АКШнын 20 штатында он жылдан бери ушундай кампаниялар үзгүлтүксүз жүрүп келе жатат. Биздин максат салык төлөө системасынан тышкары көмүскө жүргөн активди легалдаштыруу болуп жатат. Эң негизгиси, бул мыйзамда кыргызстандык бардык жарандарды декларациялоо иштеринин алдында жүрөт. Ошол кампания башталганда кандайдыр бир карама-каршылыктар болуп калбасын, азыртадан аракет кылгыла деп, биз алдын алып жатабыз. Ошон үчүн азыр бардыгын ачыкка чыгарып мыйзамдаштырып алууга мүмкүнчүлүк берилип жатат.

Азыр мындай жол менен бюджетти толтуруу негизги максат эмес. Болгону көмүскө экономиканы гана ачыкка чыгарууга аракет болуп жатат. Азыр 100 миллион сомго чейин ачыкка чыккан мүлктөргө эч кандай төлөм жок, андан ашса гана туруктуу 1 миллион сомду төлөө зарыл.

Бул мыйзам иштеш үчүн кепилдиктер керек. Мисалы, мен активимди легалдаштырсам, кийин мага куугунтук болбойт деген кепилдик керек да. Буга ишкерлерди кантип ишендирүү керек?

-Негизинен ишкерлерге мамлекеттик кепилдик зарыл.Толтурган декларациясы кийин өзүнө каршы келип, түйшүк болуп калбаш керек. Мисалы, тергөөдө далил базасы сына тургандай процесс керек. Бул процессти тергөөчүлөр менен модель катары бир шартты алып иштеп көргөнбүз. Ошон үчүн азыр далил базаларын жокко чыгара тургандай кылып, иштеп жаткан мыйзамдарга өзгөрүүлөрдүн бардыгы бир пакет болуп кирет. Кепилдиктин бардыгы негизинен ушуларда. Азыр кепилдик бердик деген оозеки сөзгө эч ким ишенбейт. Биз бардыгын мыйзам түрүндө кабыл алып, жогоруда айтылгандай тобокелдиктерди жок кылышыбыз зарыл.

Биздин акыркы кабыл алган мыйзамыбыз күчүндө, бирок ал каалагандай натыйжа бербей жатат. Себеби кепилдиктер жок болуп жатат. Салык кодексинде, Кылмыш-жаза кодексинде да ал кепилдиктер көрүнбөй жатат. Ошон үчүн азыркы мыйзамдын аткарылышы өтө күмөн болуп турат.

Буга чейин ушундай төрт кампания максатына жетпей калыптыр. Бул мыйзам эми качан иштеп баштайт?

-Анын өз регламенти бар, азыр коомдук талкууда. Бардык жоболор аткарылган соң, аны ыкчам ишке киргизебиз. Биз декларацияны такыр жок кылган жокпуз, анткени ал коррупция менен күрөшүүчү механизм. Бирок коррупция менен күрөш жүргүзүүчү бир эле механизм декларация болушу керек деген туура эмес. Биз мүмкүнчүлүк бергенден кийин эмки декларациясында легалдаштырган мүлктөрүн киргизсе, ал эсептелип кете берет. Азыр ишке ашыра тургандекларация бир эле жылдык иш-чара. Биз дагы буга байланыштуу тобокелчиликтерди караганда 17 пункттан бурган айырмачылыктар бар экенин көргөнбүз. Бирок биз муну чечкиндүү кабыл албасак, ойлогон максатка жетүү кыйын болот. Анда бул дагы жөн эле декларативдүү мыйзам болуп кала берет.

Мурда сайттар декларацияларды жарыялачу эмес беле, эми ошолор жарыяланбай калат экен деген сөз болуп жатат. Андай демилге жокпу?

-Андай демилге жок. Биздин азыркы жасай турган ишибиз бир эле жылдык акция. Бизнестин сунушу боюнча бир жылдык декларацияны жок кылуу эле. Кийинки жылдагы декларация толтура турган мөөнөттө легалдаштырган мүлктөрүн декларацияга киргизсе болот. Бул боюнча эч кандай коркунуч же болбосо кандайдыр бир куугунтук болбойт.

Азыр ишкерлерге жардам берүү үчүн өкмөттө кандай демилгелер болууда?

-Буга чейинки кризистерге да биздин экономика туруштук берип келген. Кризиске каршы планда бир топ иш-чаралар каралган. Азыр дүйнө жүзүндө жасалма саясий жана экономикалык кризис болуп жатпайбы. Бирок алар канчалык узак болсо, кесепеттери ошончолук оор болот. Азыр биздин негизги максат элибиздин аярлуу катмарына жардам берүү, баалардын кескин кымбаттап кетүүсүнө туруштук берүү. Буга байланыштуу бизде ушундай чараларды көрө турган беш пакетибиз бар, аларды апрель айынан тарта ишке киргизебиз.

Анара Жумагулова

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика