Четверг, 26 мая, 2022
18.1 C
Бишкек

Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөдө рубль жүгүртүүгө чыгат деген кепти четке какты

Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөдө россиялык рубль жүгүртүүгө чыгат деген кепти четке какты.

Айрым интернет басылмаларда Кыргызстандын аймагында орус рублинин жүгүртүүгө чыгарылгандыгы тууралуу анык эмес маалыматтардын пайда болгондугуна байланыштуу Улуттук банк төмөнкүлөрдү маалымдайт:

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык улуттук валюта – сом өлкөнүн бүтүндөй аймагында төлөмдөрдүн бардык түрү боюнча кабыл алынууга милдеттүү болгон, бирден бир мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат.

Кыргызстандын аймагында эсептешүүлөр жана төлөмдөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүлөт. Төлөм валютасы тараптардын макулдашуусу менен аныктала турган, экспорттолуучу жана импорттолуучу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо келишимин эске албаганда, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баа сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш.

КР мыйзамдарында Кыргызстандын аймагында эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте чет өлкө валютасына жүргүзүү мүмкүнчүлүгү да каралган.

Өлкө аймагында накталай жана нак эмес чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу (алмашуу) операциялары Улуттук банктын тиешелүү лицензиясына ээ банктар жана башка банк эмес финансы-кредит мекемелери тарабынан гана жүзөгө ашырылат.

2022-жылдын 17-мартында Евразия экономикалык комиссиянын кеңешинин отуруму болуп өткөндүгүн белгилейбиз, анда Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу, анын ичинде макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо чаралары көрүлгөн. Көрүлгөн чараларда өз ара соода жүргүзүүнүн алкагында эсептешүүлөрдү ишке ашырууда Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин улуттук валюталарын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү каралган.

КР Улуттук банкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө коом арасында жаңылыштыктарды жараткан такталбаган жана чындыкка туура келбеген маалыматтарды өз ресурстарында жарыялоодон алыс болууну сунуштайт.

Буга кошумча, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 23-августундагы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде анык эмес (жалган) маалыматты таратууга тыюу салынат.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика