Четверг, 26 мая, 2022
18.1 C
Бишкек

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдин Нооруз майрамына карата куттуктоосу

Урматтуу мекендештер,

Жер жарылып, табият ойгонгон мезгилде, жылуу желдин деми жүрѳктү жылытып, жагымдуу маанай тартуулаган, элибиздин улуу тарыхы менен бирге кылым карыткан Нооруз майрамы менен бардык мекендештеримди  куттуктайм!

Эзелтен Нооруз — тирүүчүлүктүн, жаратылыштын  жаңылануусунун жана жакшы тилектердин майрамы. Байыркы бабаларыбыз 21-мартта күн менен түн  теңелип, жыл тогошконун баамдап, Жаратканга, Тирүүлүккө, Жашоого таазим эткен. Жарыкчылык түндү, жылуулук суук ызгаарын жеңген сыяктуу, чындык жалганды, жакшылык жамандыкты жеңет деп тилек кылган.

Жер айдап,  үрөн сээп, келечекке,  жакшылыкка умтулган. Араздашууларын токтотуп, таарынычтарын кечирген. Дасторкон жайып, жаркын маанай менен жакындарына, досторуна жана коңшуларына жакшы тилектерин, каалоолорун билдирген.

Байыркы Нооруз майрамы эгемендүү Кыргызстандын тушоосу кесилиши менен кошо элибизге кайра кайтып келди. Нукура элдик майрамдын кайра жаралышы — тарыхый тамырларыбызга, улуттук каада-салттарыбызга таазим.

Эгемендүү Кыргызстандын жаңылануу жана ѳнүгүү жолундагы бардык аракет жазгы демдин күчү менен ѳз максатына жетсин.

Улуттун жакшы салттарын сыйлап, тарыхын кадырлаган элдин келечеги кең болот. Ылайым Нооруз майрамы бизге дем берип, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашсын. Жараткан эгемендүү Кыргызстан элин колдосун, жолубузду ачсын. Элибизге ынтымак жана биримдик, мамлекетибизге молчулук жана береке тартууласын!

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика