Четверг, 26 мая, 2022
17.1 C
Бишкек

Россия аскерлери Киевдин көп кабаттуу үйлөрүнө снаряд менен аткылоодо

Киевдин түндүгүндөгү Оболон районунда, жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, тогуз кабат турак жай артиллериялык аткылоого алынды. Анын натыйжасында, кеминде эки адам өлүп, жараат алгандар бар экени кабарланды. Көп кабаттуу үйдүн ылдыйкы кабаттары дагы жарым-жартылай талкаланган.

Житомир облусундагы айылдарын биринде аба соккуларынан бир нече турак жай талкаланганы кабарланууда. Ровно шаарында орусиялык аскердик учактын бомбалоосунан телемунара кыйрады.

Донецк облусунун түштүгүндө, анын ичинде курчоодогу Мариупол шаарында дагы айыгышкан кармаш уланууда.

Associated Press агенттигинин маалыматына ылайык, жакында төрөт үйүндөгү жардыруудан жараат алган кош бойлуу аялдардын бири каза болду. Орусиянын бийлиги бул төрөт үйү аскердик жайга айланганын, ошондуктан ага сокку урулганын айтып, экинчи жагынан кайра эч кандай бомбалоо болбогонун билдирип, коомчулукту ишендирүүгө аракеттенүүдө.

Мариупол шаардык бийлигинин маалыматы боюнча шаардын 2000ден ашуун тургуну каза тапты. Бирок бул маалыматты көз карандысыз булактар ырастай элек.

Орусиянын Украинага куралдуу кол салуусуна 19 күн болду. Өлкөнүн ар кайсы аймактарында айыгышкан салгылашуу, артиллериялык аткылоолор жана абадан сокку уруулар уланууда.

БУУнун тастыкталган маалыматтарына ылайык, Украинадагы согуштун кесепетинен жарандык калктын ичинен каза тапкандардын саны 500дөн ашты.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика