Четверг, 26 мая, 2022
18.1 C
Бишкек

Түркмөнстандагы президенттик шайлоого калктын 97,17%ы катышты

Түркмөнстандын президентин шайлоо боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы чыгарылды. Ага шайлоочулардын 97, 17%ы катышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы бул көрсөткүч калктын активдүүлүгүнүн, Түркмөнстандагы демократиялык кайра куруулардын мындан аркы процессине түздөн-түз катышуучу болууга аң-сезимдүү умтулуп жатканынын белгиси катары сыпаттады.

Учурда чет өлкөлөрдөгү айрым шайлоо тилкелеринде добуштар эсептелип жатканы, алар чыгарып келген соң, расмий жыйынтык жакынкы күндөрдө жарыяланары айтылды.

Эске салсак, Түркмөнстандагы президенттик шайлоо 12-мартта өттү.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика