COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди.
Акыркы сутка ичинде коронавируска каршы эмдөө алгандар тууралуу толук маалыматты келтиребиз:
— биринчи дозасын 287 адам алды, жалпы 1 млн 464 миң 607 адам;
— экинчи дозасын 9 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 207 миң 802 адам;
— бустердик дозаны 76 адам алды, алардын жалпы саны 137 миң 549 адамга жетти.