Ысык-Ата районунда бир нече уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Чүй ОИИББнын жана Ысык-Ата РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында уурулук кылмыштарына шектелип, 1982-жылы туулган С.М. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Бул боюнча Ысык-Ата РИИБине бир нече жаран арыз менен кайрылып, автоунаа тетиктерин, темир түтүктөрүн, темир отургучтарын жана мүрзөдөгү темир отургучтарды белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдиришкен.