Четверг, 26 мая, 2022
18.1 C
Бишкек

Кыргыз мамлекетинин президенти Садыр Жапаров жалпы Кыргызстан боюнча “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн баштады

КР президенти Садыр Жапаров Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында  12-мартта, «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуп «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүн баштады.

Иш-чарага ошондой эле эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, КР президентинин администрациясынын кызматкерлери, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин иш башкармалыгынын жана Бишкек мэриясынын кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып мамлекет башчысы климаттын тез өзгөрүшү, аба ырайынын начарлашы жана мөңгүлөрдүн ээриши Кыргызстан үчүн эле эмес дүйнө жүзүнүн көйгөйү экенин белгиледи.

«Дүйнө жүзүндөгү ар бир адам, ким болбосун, кайсыл өлкөдө жашабасын, климатка терс таасир эткен көрүнүштөр менен күрөшүүчү керек. Бийик тоолуу, кышы суук Кыргызстандабы же ысык Африкадабы — айырмасы жок. Анткени дүйнө жүзүндө климат, аба жана табият боюнча мамлекеттер ортосунда чек ара жок. Биз бардыгыбыз бир аба менен дем алабыз», — деген ал бардык өлкөлөрдү Кыргызстандан үлгү алып, табиятты жана климатты камсыз коргоо маселесинде сөздөн ишке өтүүгө чакырды.

Луиз Чемберлен белгилегендей, Президент Садыр Жапаровдун Глазгодо өткөн Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун алкактык Конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнөлүк лидерлеринин Саммитинде сүйлөгөн сөзү абдан маанилүү. «Сиздердин экологияны сактоо маселесине ушундай көңүл буруп жатканыңыз абдан маанилүү. Биз мындай демилгелерди колдойбуз», — деди ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү.

Ал Кыргызстандын энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруусу өлкөдөгү жумушсуздук маселесин чечүүгө оң таасирин тийгизерин белгиледи. Анын айтымында, ПРООН республиканын бул демилгелерин колдойт.

Ал эми ЕККУнун Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов Кыргызстандын климатты коргоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерин жана «Жашыл мурас» улуттук кампаниясын колдоорун билдирди.

Мамлекет башчысы эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө улуттук өнөктүккө катышып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров 2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы деп жарыялоо демилгесин колдоосуна ыраазычылык билдирип, Кыргызстан кичи ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыра баштаганын белгиледи.

Ал белгилегендей, Кыргызстан өзүнүн мүмкүнчүлүгүнүн 10%ын гана пайдаланууда. Быйыл мамлекет ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл буруп, Камбар-Ата ГЭСинин курулушун баштоону пландап жатат. Бул сууну үнөмдөө менен чектелбестен, электр энергиясын экспорттоого да шарт түзөт.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле быйылкы жылы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө, ирригациялык системаларды калыбына келтирүүгө, жеңилдетилген насыяларды бөлүүгө, сапаттуу үрөн сатып алууга өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

Жолугушууга ошондой эле КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова, КР президентинин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов катышты.

Садыр Жапаров «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү жалпы өлкө боюнча, ар бир аймакта өтүп жатканын жана жыл сайын өтүүчү салтка айланарын белгиледи.

Жыл сайын өлкө боюнча 5-6 млн көчөт отургузуу пландалууда.

Президент өткөн жылы Глазго шаарында өткөн БУУнун алкактык конвенциясынын тарпатарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин саммитинде Кыргызстан БУУга 2022-жылды Тоодорду туруктуу өнүктүрүү жылы деп жарыялоо сунушун бергенин эске салды. 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары Кыргызстандын демилгесин бир добуштан колдоп жана 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы» деп жарыялоо жөнүндө резолюцияны кабыл алышкан. Февралда «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлган. Мамлекет башчысы табиятты кийинки муунга сактоо маанилүү экенине көңүл бурдуруу үчүн иш-чара «Жашыл мурас» деп аталганын белгиледи.

“Ар бир адам өзүнөн кийин бул дүйнөдө из калтырышы керек. Адам өзү үчүн гана жашайм деп максат койбош керек, балдарыңа, неберелериңе мурас калтырыш керек. Бул ар кандай болушу мүмкүн: материалдык, рухий, климаттык. Эң негизгилеринин бири – жаратылыш мурастары”, — деди ал.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын бардык кызматкерлерин жана Кыргызстандын элин “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясына активдүү катышууга, көчөт отургузуу менен гана чектелбестен, мындан ары да көзөмөлгө алып, кам көрүүгө чакырды.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика