Четверг, 1 июня, 2023
26.1 C
Бишкек

Аламүдүндө 4,3 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан 4,3 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө 2010-жылы Таш-Төбө айыл өкмөтүнүн токтому менен Орто-Сай айылындагы мектепке караштуу болгон жер жеке тарапка мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыздар келтирилип, жыйынтыгында толук канааттандырылган.

Прокурордук талаптын негизинде 4 млн 350 миң 240 сомго бааланган мектепке тиешелүү болгон жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика