Четверг, 26 мая, 2022
17.1 C
Бишкек

Нурсултан Кеңешбеков Беларустагы чемпионатта эки күмүш медаль жеңип, өлкө рекордун жаңылады

Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Нурсултан Кеңешбеков Беларустагы өлкө чемпионатында 1500 метр жана 3000 метр аралыктарында чуркап, 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Чемпионат 25-26-февраль күндөрү Минск шаарында өттү.

Жарышта 1500 метр аралыктын (3:46:50) жана 3000 метр аралыктын (7:57:61) жыйынтыгы менен Нурсултан Кеңешбеков Кыргызстандагы рекордун жаңылады.

Белгилей кетсек, буга чейинки рекорд боюнча 1500 м — 3:49:60 (2021-жыл) жана 3000 м — 8:08:51 (2004-жыл) болгон.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика