Вторник, 28 июня, 2022
32.1 C
Бишкек

 Сокулук районундагы Орок айыл аймагында 500 орунга ылайыкталган мектептин кошумча корпусу ачылды

 Сокулук районундагы Орок айыл аймагында 500 орунга ылайыкталган мектептин кошумча корпусу ачылды.
Мектептин ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбекович жана Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев катышты.
Буга чейинки мектеп 320 орунга ылайыкталып салынган.
Окуучулардын санынын көптүгүнөн 4-5 нөөмөт менен окууга туура келип, 2668 окуучу билим алып келген. Ал эми кошумча мектепти курууга 110 млн 470 миң сом жумшалган, каржылоо булагы, “Коррупцияга каршы күрөш боюнча Бирдиктүү депозиттик эсептеги” республикалык каражаттын эсебинен болду.
Жалпы 820 орундуу мектепте мындан ары 2 нөөмөт менен гана окуучулар билим ала башташат.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика