Четверг, 26 мая, 2022
18.1 C
Бишкек

Мөөнөтү өткөн азыктарды сатып алуудан сак бол!

Жайыл райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкери Ж.Чыныбаеванын маалыматы боюнча азыркы учурда соода түйүндөрүндө, базарларда  кандай гана тамак-аш азыктары сатылбайт. Үй шартында жасагандан эригип даяр нерсени алууга аракет кылабыз, бирок анын арты эмне менен бүтөрүн ойлобойбуз. Балдарга арзан кытай таттууларын алып беребиз, ал эмнеден жасалган, тастыкталганбы,  ага көңүл бурулбайт. Дүкөндөрдө тамак -аш азыктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүшпөйт, эптеп сатылып кетишине аракет кылышат.

Жайыл райондук санитардык көзөмөлдөө борборуна көптөгөн арыздар келип түшүүдө. Көгөрүп желе басып кеткен сырлар, нандардын ортосунда кошо бышып калган таракандар, колдонууга жарабай калган тамак-аш азыктары, курттап кеткен жүгөрү кабырчыктары  сатылып атканы жөнүндө көп арыздар келип түшүүдө.  Базарлардын четтеринде иретсиз чаңдаган жерлерде сатылып жаткан тамак-аштар, күндүн ысыгында муздаткыч жок ачык жерде сатылып жаткан колбасалар, грилдер, машинанын жүктөгүчүндө жүктөп келип сатылып жаткан печенье, пряниктер, сатып жаткан сатуучунун өздүк гигиенасынын сактабаганы, колго түкүрүп акча санап соодо кылып жатканы, кайдан келди, кандай жерде жасалды, кандай адамдар жасады, тастыкталган же болбосо лабораториялык текшерүүдөн өткөндүгү тууралуу документи жок сатылууда. Сатып жаткан адам медициналык кароодон өткөнбү, ошол адам толук кандуу ден соолугу чын деп кепилдик бере аласыңбы, жок.

Оору күчөп жатат деп чабалактайбыз, мына эмнеден көбөйүп жатат, сиздерге мисал. Коомдук тамактануучу жайларда тейлеп жаткандардын бет каптары жок, дезинфекция иштери өз учурунда жүргүзүлбөйт. Тамактануу учурунда столдордун ортосунда аралык сакталбайт, берилген санитардык тапшырмалар аткарылбайт. Кире бериште дезинфекциялоочу каражат толтурулган дезковриктер салынган эмес. Санитайзерлер алынып салынган. Кол жуугучтардын жанында эскилиги жеткен сүлгүлөр  илинген. Тамак-аш даярдалуучу бөлмөнүн ичи нымдуулуктан көгөрүп желе баскан. Медициналык кароодон өтүшкөн эмес. Түшкөн арыздарга өз убагында текшерүүлөр жүргүзүлүп, тийиштүү чаралар колдонулууда.

Урматтуу соода түйүндөрүнүн, коомдук тамактануучу жайлардын ээлери, сиздерден өтүнүч, баардык санитардык талаптарга жооп бергидей иштерди аткарсаңар.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика