Вторник, 28 июня, 2022
32.1 C
Бишкек

Президент Садыр Жапаровдун Чүй облусуна болгон иш сапары

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  иш сапары менен Чүй облусуна барды.

Мамлекет башчысы Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшү, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолун жана Профсоюзная көчөсү боюнча айланма жолду реконструкциялоо жана куруу долбоорлору менен таанышты.

Садыр Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигине унаа транспорттордун үзгүлтүксүз, коопсуз жана ыңгайлуу кыймылын камсыз кылуу максатында Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоону 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүүнү жана Бишкектин түндүк айланма жолунун жана Профсоюзная көчөсүн бойлой айланып өтүүчү жолдун курулуш долбоорунун ишин тездетүүнү тапшырды.

Андан соң Президент арматура чыгарууга адистешкен «Азия Сталь» ЖЧКсына барды.

Мамлекет башчысына Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) колдоосу менен ушул жылдын февралында ишке кирген өнөр жай ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

Арматураларды чыгаруучу заводдун ишке киргизилиши курулуш материалдарынын — арматуранын өздүк наркынын импорттук арматурага салыштырмалуу 10%га чейин төмөндөшүнө шарт түзөт.

Ишканада буга чейин электроэнергиясы боюнча көйгөйлөр болгонун эске алуу менен, Садыр Жапаров мамлекеттик органдарга бул сыяктуу ишканалардын туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону улантууну тапшырды.

Ушул эле күнү ал ата мекендик автобустарды кураштыруу менен алектенген “Белес.kg” ЖЧК ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишканада автобустарды толук кураштыруу кыргызстандык адистер тарабынан ишке ашат, андыктан автобусту толугу менен ата мекендик продукция деп атоого болот.

Бүгүнкү күндө Евро 5 стандартындагы дизелдик кыймылдаткыч менен жабдылган шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттун сыноодогу үлгүсүн чыгаруу аяктады.

Иш сапарынын соңунда Мамлекет башчысы өлкөдөгү тоо-кен ишканалары жана цемент заводдору менен иштешип, тегирмендердин, майдалоочу жабдыктардын, мештерди жана автоунаалардын тетиктерин чыгарып келе жаткан “Вулкан плюс” ЖЧК металл куюучу ири ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкананы көрүү учурунда Садыр Жапаров “Вулкан Плюс” ЖЧКсынын тоо-кен таштарын майдалоочу шарларды жана металл буюмдарды куюучу линиясынын курулушу үчүн капсула салды.

Жайыл району Сары-Өзөндүн өнөр жайынын флагманы

  «Майдалоочу шарларды  жана металл буюмдарын куюу үчүн опокасыз  калыптоочу цех (Цех безопочной формовки) »

Цехтин курулушунун башталышы – 2022-жылдын 15-февралы

Негизги иш — автоматташтырылган сериялык куюу

Цехтин аянты 4,0 миң кв.м.

Жабдуулардын аталышы — ZZ-416A майдалоочу шариктерди жана металл буюмдарын куюу үчүн опокасыз калыпка салуучу автоматтык линиясы Даярдалган буюмдардын түрү — 10 ммден 40 ммге чейин куюлган шар; куюлган сегмент продуктусу жана чакан көлөмдөгү  легирленген гильзаларды жана куймаларды сериялык чыгаруу (матрица боюнча).

Өндүрүш кубаттуулугу — 300 калып/саат; 45 миң тонна/жылына Кызматкерлердин саны – 39 адам. (2 нөөмөттүү иштөө)

Линиянын курулушуна жеке инвестициянын көлөмү 1,0 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинде жабдуулар – 800 миң АКШ доллары, эритүүчү мештер (3 топтом) — 115 миң АКШ доллары

Сатуу рыногу — ички, коңшу өлкөлөр (Казакстан, Өзбекстан, тоо-кен ишканалары, машина куруу ишканалары)

«Декна Бишкек Текстиль» ЖЧКсы

«Декна Бишкек Текстиль» жоопкерчилиги чектелген коому Түзүлгөн убактысы: 2015-жылдын 26-ноябры

Менчик формасы: жеке менчик

Негизги ишмердүүлүгү: жеңил өнөр жайы

Кызматкерлердин саны: 1000ге чейин жумушчу орун түзүлөт Инвестициялардын көлөмү: 33 342 000 сом

Жалпы пландаштырылган инвестиция: 25 млн АКШ доллары.

«Декна Бишкек Текстиль» ишканасы Кара-Балта шаарындагы текстиль материалдарын чыгаруучу фабриканын биринчи этабын ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат.

Бүгүнкү күндө ишкана токтоп турган Кара-Балта килем комбинатын сатып алып, учурда  аны  реконструкциялоо иштери жүрүп, 135тен ашуун адам чатырын жабуу, айнек орнотуу, ички иштер жана жабдууларды орнотуу үчүн аянттарды даярдоо менен алектенүүдө.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, биринчи фазаны жана өндүрүштү аяктоо 2022-жылдын экинчи кварталында күтүлүүдө.

 

ЖЧК «Волкан плюс», ЖЧК «Белес.kg»

Бүгүнкү күндө завод Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы өнөр жай зонасында 6,5 гектардан ашык жер аянтында жайгашкан. Ишкана негизинен тоо-кен өнөр жайы жана цемент заводдору үчүн ички рынокко да, коңшу өлкөлөргө да майдалоочу материалдарды (жармалоочу шарларды) чыгарат. Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 30 миң тоннаны түзөт. Даярдалган буюмдар: 10 ммден 160 ммге чейин майдалоочу шарлар; тегирмендер жана майдалоочу заводдор үчүн футеровка (формалоо), автотранспорттун запастык бөлүктөрүн куюу. 11 жылдык ишинин ичинде компания өзүн ишенимдүү өнөктөш катары көрсөтүп, өз продукциясын өндүрүү жана жеткирүү боюнча чоң тажрыйбага жана квалификациялуу кадрларга ээ боло алды. Ишкана 11 жылдан бери республиканын тоо-кен ишканаларына жана цемент заводдоруна өз продукциясын берип турат.

Кызматкерлердин жалпы саны 250 адамды түзөт. 2019-жылдан бери Жайыл районунда салыктык каттоодо турат. Ал киреше салыгы боюнча гана чегерүүлөрдү жүргүзөт, 2020-жылга — 363,5 миң сом, 2021-жылга — 429,5 миң сом. 2021-жылы товардык продукциянын көлөмү 727,5 млн сомду (115,5%) түздү.

Акыркы 5 жылдын ичинде компания өлкөдөгү 200 ийгиликтүү компаниялардын катарына кирген. 2020-жылы транспорт каражаттарын жана жүк ташуу жабдууларын иштеп чыгуу жана долбоорлоо башталды. Ишкана эки жылдын ичинде жук ташуучу жарым чиркегичтердин, контейнерлерди ташуу учун чиркегичтердин жана М3 классындагы 1-категориядагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустун сыноочу үлгүлөрүн чыгара алды.

Бүгүнкү күндө компания АКШнын Автомобилдик Инженерлер Коомунун «SAE» тарабынан автомобиль өндүрүүчүсү катары таанылган жана универсалдуу унаа идентификациялык коду — WMI Code K59 ыйгарылган, ал бардык дүйнөлүк автомобиль өндүрүүчүлөргө ыйгарылат. Пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн өнөктөштөр менен тыгыз байланыштар түзүлүп, DAF Components (Нидерланды), ZF Friedrichshafen AG (Германия), NPP ITELMA (Россия), SSAB (Швеция) сыяктуу компаниялар менен тетиктерди жеткирүү боюнча келишимдер түзүлгөн. Ошондой эле аяктоо стадиясында шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын (троллейбустун) жана жүк ташуучу унаалар үчүн 2 чиркегичтин дагы бир сыноо үлгүсү турат. Бул долбоор Кыргыз Республикасында ички жана тышкы рынокко багытталган ата мекендик автоиндустрияны түзүүгө багытталган жана көптөгөн тектеш тармактарды тартуу менен мультипликациялык эффектти түзүүгө жардам берет, бул өлкөдө кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Ата мекендик автоконцерндин ишмердүүлүгүндөгү маанилүү аспект болуп чыгарылып жаткан транспорт каражаттарын тейлөө жана кепилдик тейлөө саналат.

ООО «Азия Стил» ишканасы

 Ишкана «Кара-Балта курулуш буюмдары комбинаты» ААКнын аймагында уюштурулган. Жеке адамдар 5 га жер тилкесин жана 8000 чарчы метр аянттагы курулуш буюмдары заводунун (ОсОО «КЗСИ») мурунку калыптоочу цехин металл прокатын чыгаруучу жаңы ишкананы уюштуруу максатында (3 класстагы арматура, бурчтар) сатып алышкан.

Ишкананын максималдуу өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 150 миң тоннага чейин, алгачкы этапта жылына 30 миң тоннага чейин өндүрүү пландаштырылууда. Сатуу рыноктору — ички жана тышкы (Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан).

Жеке инвестициялардын эсебинен имарат оңдолуп, 5 млн АКШ долларына негизги жабдуулар сатылып алынган жана орнотулган, мындан тышкары Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 3,0 млн АКШ доллары өлчөмүндө кредиттик каражаттар тартылган.

Ишкана энергияны көп талап кылат, толук кубаттуулукта иштегенде максималдуу электр керектөө 14,5 МВт/саатка чейин болот. 4,5 МВт саатка уруксат бар, кошумча 10 МВт саат талап кылынат. Жаңы электр берүү линиясын жана ТПны куруу иштери аяктады, индукциялык меш орнотулду. Өндүрүштүн максималдуу кубаттуулугу жылына 150,0 миң тонна прокатка чейин, баштапкы этапта 30,0 миң тоннага чейин болот. Ишке киргизүү жана жөндөө иштери аяктады. Объект 2018-жылы тиешелүү кызматтар тарабынан ишке киргизилип, капиталдык салымдардын көлөмү 692,3 млн сомду, анын ичинен жабдыктары 231,4 млн сомду түзөт. Ишкананын алгачкы этапта ишке кириши менен кеминде 120 жумушчу орун түзүлөт.

Өндүрүштү баштоо үчүн 3,0 млн АКШ доллары өлчөмүндө кошумча карыздык каражаттарды тартуу маселесин чечүүгө көмөктөшүү зарыл. Ишкананы ишке киргизүү үчүн Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондуна инвестициялык арыз берилген. Бардык документтер толук көрсөтүлгөн, күрөө камсыз кылынат, бирок маселе чечилбей келет. Ошондой эле АПЗИге 210,0 млн сомдук инвестициялык табыштама берилген.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика