Четверг, 26 мая, 2022
17.1 C
Бишкек

Кыргызстандыктардын акчалай кирешеси көбөйдү

Республикада калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2021-жылдын январь-сентябрында 397 млрд сомду түздү жана 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Калктын номиналдык акчалай кирешелери
(млн. сом)

Нет описания.

2021-жылдын январь-сентябрында керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 355,2 млрд. сомду түздү жана 2020 жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7,5 пайызга өстү.

2021-жылдын январь-сентябрында республика боюнча жалпысынан кирешелерди мүнөздөгөн милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү эсепке албаганда, адам башына болгон колдогу акчалай киреше, айына 6 511,9 сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18,5 пайызга көбөйдү.

 

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика