Понедельник, 15 августа, 2022
24.1 C
Бишкек

Маданият министрлиги кеңейтилген форматта коллегия өткөрдү

10-февралда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин  кеңейтилген коллегиясы өттү.
Анда министрликтин курамындагы маданият, маалымат, спорт, туризм, этностор аралык мамилелер жана жаштар саясаты тармагындагы жасалган иш аракеттер тууралуу маалыматтар берилип, 2022-жылы жасала турган  иш-аракеттер талкууланды.
Коллегияга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нуржигит Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, коллегия мүчөлөрү жана министрликтин курамындагы бардык мекеме жетекчилери  катышты.
Министр Азамат Жаманкуловдун төрагалыгы менен өткөн коллегия жалпы тармактык аткарылган иштер, чечилбей келе жаткан орчундуу маселелер, приоритеттүү жана кечиктирилгис чечүүгө муктаж  болгон темаларга арналды.
Тармактык аткарылган иш-аракеттер тууралуу маалымат угулган соң Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов баяндама жасады. Ал алдыда кандай иш-чаралар бар, кандай реформалар кайсы тармактарга жасалат жана бардык тармактардын алдыга коюлуп жаткан пландары менен ой бөлүштү.
Азамат Жаманкулов өз сөзүндө алгач  театр оюн-зоок мекемелериндеги бүгүнкү күндөгү чыгармачылык атмосфера, жаңы спектаклдерди алып чыгуу, заман талабына шайкеш келген, эл суусап, көргүсү келген драмаларды, музыкалык спектаклдерди жана оюн-зоокторду жогорку деңгээлге алып чыгууну мекеме жетекчилерине тапшырды. Аны менен бирге  учурда бир катар театрларда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгын белгиледи.  Мындан сырткары, министр  театрларга  жыл ичинде 4төн кем эмес спекталь алып чыгуу тапшырмасын берди.
Ал эми музей багыты боюнча М.Ауэзов жана А.Осмонов атындагы үй музейин министрликтин балансына алуу, «Сулайман-Тоо» археологиялык тарыхый-этнографиялык музей комплексин жакшыртуу, Өзгөн мунарасын Сулайман-Тоо комплексинен бөлүп чыгуу, “Манас Ордо” Улуттук комплексинин жана “Ата-Бейит” мемориалдык комплексин концепциясын жаңы иштеп чыгуу жана жакшыртуу боюнча бир катар иштер жасала турганын кошумчалады.
Ошондой эле  кино багытында мамлекеттик тапшырыктын негизинде тарыхый жана көркөм тасма тартуу иштери пландалып, коомду жакшы жакка ээрчий турган, элге руханий азык бере турган кино тасмаларын жаратуу ниети бар экенин белгиледи.
Эл аралык кызматташуу бекемделип,   2022- жылы Казакстанда, Өзбекстанда жана Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү, ошондой эле Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жогорку деңгээлде катышуу керектигин айтып, зарыл болгон учурда аймактардагы мыкты маданият өкүлдөрүн  программага кошууга жана иштешүүгө даяр экенин айтты.
Жыйындын соңунда  2021-жылы өз ишинде мыкты көрсөткүчтөргө жеткен бир катар маданият мекемелерине министрликтин ыраазычылык каттары тапшырылды.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика