Урматтуу Чүй областынын тургундары!
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Ак-Ордо 3 жаңы конушунда президентибиз Садыр Нургожоевич жерлерди трансформация кылуу маселеси боюнча коомчулук менен жолукканда эл тарабынан көптөгөн кайрылуулар түшүп, президент ар бир маселени тез чечип берүү тапшырмасын берген. Ал күнү Бишкектин жака белиндеги жаңы конуштардын тургундары өз көйгөйлөрүн айтып кайрылышкан. Алардын арасында Ак-Босогонун тургундары да бар эле. Ак-Босогодо элге кызыл китеп берүү учурунда 97 үй бүлөнүн жери Бишкек шаарына карагандыктан учурда маселе жаралып жаткан экен. Мындан улам бүгүн өкмөт үйүнүн алдында митингге чыккан Ак-Босоголуктарга барып жолугуп, аларды областтык администрацияга алып келдим. Тургундардын бардык көйгөйлөрүн угуп, Маевка айыл өкмөтүнөн жаңы токтом чыгартып маселени ыкчам чечип берүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма бердим. Кудай буюрса кийинки жума айыл өкмөттүн токтому чыкса 97 үй бүлөнүн маселеси да чечилип, үйлөрүнө кызыл китеп алуу боюнча иш процесси алдыга жылат.
Урматтуу Чүйдүн тургундары, ар бир бейшемби күнү коомчулукту кабыл алуу күнүм. Кандай маселе болбосун аны баары бир администрация түздөн-түз чечет. Ошондуктан мага түз келип эле кайрылсаңар сиздер менен кеңешип, ал маселелерди ылдам чечебиз.
Урматым менен Эркин Тентишев!