Четверг, 26 мая, 2022
17.1 C
Бишкек

Ысык- Ата райондук “Арашан” элдик ансамблин угуу болду

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун, Кыргыз Республикасынны эл артисттери Рысбек Жумакунов жана Бакыт Түлегеновдун катышуусу менен Ысык- Ата райондук “Арашан” элдик ансамбилинин чыгырамачылыгын угуу болуп өттү.
Угуунун жүрүшүндө чыгармачылыктын кызыкчылыгы үчүн репертуар жаңылоо, урма аспаптар менен иштөө, форма жана башка маселелер көтөрүлүп, маэстролор Рысбек Жумакунов жана Бакыт Түлегенов тарабынан сунуштар айтылды.
Ал эми, министр Азамат Жаманкулов өз кезегинде Ысык- Ата райондук “Арашан” элдик ансамбли сындуу башка дагы аймактагы элдик чыгармачылык топторду угуу, алардын чыгармачылыгы менен жакындан таанышуу иштери уланат деген пикирин билдирди. «Таланттарды таап чыгуу, аларды колдоо иштери аймактарга дагы жетсе деген тилегим бар. Өлкөдө райондук жана айылдык мыкты элдик ансамблдер жана топтор бар экенин билебиз. Ал угуулардын алгачкысы болуп “Арашан” элдик ансамбли болдуңар. Бир сааттан ашкан угуу эргүү тартуулап, элдик нукура чыгармалардан тартып, дүйнөлүк классикага чейин жакшы аткардыңар. Сиздер чыгармачылыктын үстүнөн иштөө менен, элге руханий азык берүүңөр маанилүү болуп турган учур. Ал эми, мамлекет маданият тармагын өнүктүрүүгө, колдоого бардык аракеттерин жумшайт жана Министрлик алдыда аймактагы маданияттын өнүгүшүнө колдон келген аракеттерин жумшайт», — деп кошумчалады.
Эске салсак, “Арашан” элдик ансамбли 1991- жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Болот Эдигеевдин демилгеси менен уюштурулган. Ансамблди уюштурууга Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор Сардарбек Жумалиев, КРнын эл артисти, балетмейстер Такен Шаршеевдин эмгеги зор болгон. “Арашан” элдик ансамблине 1997-жылы “Элдик коллектив”, ал эми 2008-жылы “ Профессионалдык коллектив” деген статус берилген. Ансамблдин көркөм жетекчиси Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Токтогул Рысалиев.
Угууга Министрликтин алдындагы Улуттук маданий борбордун директору Жумакадыр Курмангалиев жана Ысык- Ата райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Салтанат Мамбетмусаева да катышты.
Жыйынтыгында ансамблде үзүрлүү эмгектенип келген өнөр адамдарына «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси тапшырылды.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика