Четверг, 26 мая, 2022
17.1 C
Бишкек

Илья Терентьевдин үйү реконструкцияланат

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусу менен К. Жакыпов атындагы паркта жайгашкан Илья Терентьевдин үйүнүн аймагында «Кыргыз реставрация» илим-изилдөө долбоорлоо институтунун жетекчиси Жумамедель Жумабаев, “Дордой” ассоциациясынын өкүлдөрү жана тиешелүү адистер катышкан көчмө жыйын өттү.

Анда Илья Терентьевдин жашаган үйдүн кайрадан калыбына келтирүү боюнча даярдалган долбоору сунушталып, жеринен талкууланды. Турак жай, кийин административдик имарат катары колдонулуп келген имарат кароосуз калып, учурдагы абалы менен шаар тургундарынын маалыматы бар.

Толук оңдоп-түзөө иштери бүткөн соң, аны кандай багытта колдунула тургандыгы туралуу Маданият министрлиги кийинчирээк маалымат берет. “Дордой” ассоцияциясынын жетекчилигинин маалыматы боюнча, оңдоо иштери жылдын аягына (болжол менен ноябрь айында) чейин бүтүрүү планы бар экендиги айтты.

Эске салсак, аталган үй XIX – XX кылымдагы Бишкек шаарындагы маанилүү жана тарыхый объектилердин бири болуп саналгандыктан, ал тарыхый- маданий эстеликтеринин Мамлекеттик тизмесине киргизилген.

Ал эми, Министрликтин алдындагы «Кыргызреставрация» илим-изилдөө жана долбоорлоо институту илимий-конструктордук документацияны иштеп чыкты. Болжол менен имаратты оңдоп- түзөө иштерине 11 млн. сом акча каражаты керектелет. Ремонт иштерин “Дордой” ассоцияциясы тарабынан жүргүзүү пландалууда.

Илья Федотович Терентьев 1848-жылы Ижевскиде курал устанын үй- бүлөсүндө туулган. 19-кылымдын аягында үй-бүлөсү менен бирге уста Бишкекке (азыркы Бишкек) көчүп келген. 1895-жылы И.Терентьев Пишпек шаарынын биринчи старостасы болуп шайланган.

Анын ишмердүүлүгү учурунда биринчи оорукана, дарыкана,

китепкана, бир нече мектептер жана гимназиялар,жеке темир устаканалары, наабайканалары, соода дүкөндөрү ачылган. Анын жетекчилиги астында 1897-жылы шаардын калкын биринчи эл каттоосу өткөн. Ошондой эле, ага караштуу Карагачева токоюнун пайдубалы, Эмен паркы жана Бульвар аллеясы (азыркы Эркиндик бульвары) негизделген.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика