Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте Чүй облусунун Сокулук районунда күмөндүү акциздик маркалар менен алкоголдук продукцияларды сатуу максатында сакталган кампаны аныкташты.
Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Жалпысынан текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 50 миң 744 бөтөлкө ар кандай аталыштагы жана идиштеги алкоголь алынды. Анын ичинен 30 миң бөтөлкө кампадан, 20 миң 744 бөтөлкө жүк ташуучу унаадан табылган. Рейддик салыктык контролдун материалдары жана алынган продукция мыйзамдарга ылайык чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.