Четверг, 26 мая, 2022
17.1 C
Бишкек

Бокс боюнча кыргызстандык 3 спортчу Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты

22 жашка чейинкилер арасында кыргызстандык үч боксчу Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нурадин Рустамбек уулу 71 кг салмакта мелдештин чейрек финалында тажикстандык Хуршед Усвалиевди 5:0 эсебинде утуп алды. Мирзохид Имамназаров 63,5 кг салмакта Япониядан келген Китамото Шунсукени 3:2 эсебинде, ал эми Рыспек Бектенов 60 кг салмакта Шри-Ланкадан келген Гадул Пассара Лекам Гедараны жеңип алды.

Белгилей кетсек, мелдеш 20-январдан баштап Ташкент шаарында башталган, 30-январда жыйынтыкталат.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика