Четверг, 26 мая, 2022
17.1 C
Бишкек

Кантта жол кырсыгынан тез жардам унаасы оодарылып кеткен

Кант шаарында эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 8:00-08:30дар чамасында «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа жана Тез жардам унаалары сүзүшкөн. Тез жардам унаасынын жарык берүүчү жана үн коштоочу каражаттары иштеп турганына карабай бет маңдайынан унаа чыгып кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен тез жардам унаасынын айдоочусу жана фельдшери жабыркаган.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика