Четверг, 26 мая, 2022
18.1 C
Бишкек

17-январда Бишкекте ойлоп табуучу балдардын көргөзмөсү өтөт

17-январь күнү Бишкек шаарында ойлоп табуучу балдардын көргөмөсү уюштурулат.  Бул тууралуу Кыргызпатенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ишчара жыл сайын 17-январь – Ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулуп келген.Бул жылы майрам өзгөчө форматта өтөт.

Программада: Инженердик мектептин ачылышы, “STEAM – билим берүү”, FABLab – гравировака жана лазердик кесүүчү станокту колдонуу боюнча мастер-класстар, графикалык дизайн боюнча киришүү сабагы, 3D принтерде басып чыгаруу үчүн 3D моделин түзүү, ошондой эле балдардын техникалык чыгармачылык көргөзмөсү уюштурулат.

Иш-чарага республикадагы Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен областарынын, Ош жана Кызыл-Кыя шаарларынын мектеп жана мектептен тышкаркы мекемелердин жетекчилери, окуучулар, жалпысынан 3 000ден ашык адам катышуусу күтүлүүдө.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика