Четверг, 26 мая, 2022
18.1 C
Бишкек

Ынтымакты бекемдеген улуттук оюндар улантыла берет

 Өткөн жыл  социалдык-экономикалык кыйынчылыктарга карабастан Чүй району үчүн  көптөгөн маданий, спорттук иш-чаралардын өткөрүлүшү,спортчулардын спорт  айыдыңында жараткан бир катар ийгиликтери менен эсте калат. Алардын катарында башкалардан айырмаланып, райондун көк бөрүчүлөрү аймактагы ынтымакты, биримдикти бекемдөөгө үгүттөгөн беттештери да орун алды.  

Жыл аягында андай мелдештердин бири Чүй районунун борбордук ат майданында  үстүбүздөгү жылдын 27 –декабрында шаңдуу  өттү. Аталган иш-чара райондун айыл өкмөттөрү  арасында  Чүй райондук  Көк бөрү федерациясы тарабынан  уюштурулду. “Чүй  районунун ынтымак биринчилигинин чемпионаты” ар айылдардан келген көптөгөн  күйөрмандардын  башын коштуруп, кызыктуу кыл чайнашкан  атаандыштыкта ишке ашты. .Чемпионатка райондун күчтүү көк бөрүчүлөрүнөн куралган 8 команда  катышты. Анда “Мыкты оюнчу” номинациясы  Маданият айылынын тургуну  Ислам Садыковго жана “Мыкты ат”  номинациясы  Кошкоргон айылынын көк бөрүчүсү Шаадат уулу Султандын “Бөлтүрүк” аттуу атына ыйгарылды.
Бул жолу  жеңүүчүлөргө жана байгелүү орундардын ээлерине ыйгарылган сыйлыктар да башка турнирлерден айырмаланды. Белгилей кетсек, тирешкен атаандаштыктын натыйжасында 1-орунду Бурана айылынын көк бөрүчүлөрү жеңип алышып, байгеге коюлган унааны утуп  алышса, 2-орунга жетишкен Кегети айылынын оюнчуларына  бир тай жана 5000 сом,  3-орунга чыккан  Искра айыл өкмөтүнүн оюнчуларына бир  торпок ыйгарылып, жалпы оюнчуларга чоң дем берди. Андан тышкары оюнчуларга дилом менен медалдар тапшырылды.

Кирип келген жаңы жылда дагы эл ынтымагын бекемдеген көк бөрү боюнча турнирлер  райондо улантылып, күйөрмандарын кубанта бермекчи.

Б.Байдылдаева

 

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика