Четверг, 26 мая, 2022
17.1 C
Бишкек

Москва районунун ардактуу айымы

Жаңы жылды утурлай Москва районуна караштуу Беловодское айылынын тургуну Бейшегүл Джолдошеванын көкүрөгүнө кубаныч толду. Анын себеби көп жылдардан бери районго сиңирген эмгеги эскерилип 17-декабрь 2021-жылда райондун маданиятына жана социалдык иштерине кошкон зор салымы үчүн “Беловодское айылынын ардактуу жараны” деген наам берилди. Тиешелүү тескемеге Беловодское айылдык кеңештин төрагасы А. Иманкулова кол койду.

Кошумчалай кетсек, Бейшегүл эже Москва районунда бүт республикага атагы чыккан “Ак Суунун ак элечек айымдары” фольклордук ансамблди түзүп бир нече жылдар аны жетектеген. Учурда ардактуу эс алууда. Ошондой эле Бейшегүл Джолдошева 20 жылдан ашык район ичинде ар бир Нооруз майрамында Умай эненин образын жаратып, батасын берип элге таанымал айым.

Гүлмира Убакеева

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика