Четверг, 26 мая, 2022
17.1 C
Бишкек

Москва районунда 13 күндүн ичинде 33 адамдан коронавирус аныкталды

1-январдан 14-январга чейинки аралыкта Москва районунда 33 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу райондук ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөдөө бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, булардын ичинен 15 бейтап Беловодск айылынын тургундары.

Жаңы жылдын алгачкы 13 күнүндө район боюнча 33 бейтап коронавирус илдетине чалдыккан болсо, анын 15и Беловодск айылынан катталган. Ал эми 1-Май айыл аймагынан 4 бейтап чыкты. Ал эми калгандарында өтө аз. Район боюнча 31 миң 706 жаран эмдөөдөн өтүүсү мерчемделсе, анын 33,4 пайызы эмдөөдөн өттү, — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, райондо 12 айыл аймак бар. Анда 100 миңге жакын көп улуттуу калк жашайт.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика