Четверг, 26 мая, 2022
17.1 C
Бишкек

Чүйдө 50 жылдан бери биринчи жолу каз пияз гүлдөдү

-2022-жылдын башталышында эле Жайыл районунун талааларында каз пияз (гусиный лук) гүлдөдү. Бул көрүнүштү жергиликтүү тургундар 50 жылдан бери биринчи жолу болгонун айтышууда.

«Кара-Балта шаарынын айланасында жана Жайыл районунун айылдарында бул сары гүлдөр эрте жазда гүлдөйт. Бирок алар, адатта, февралдын аягында — марттын башында, жердин жана абанын жылуулугуна жараша пайда болот. Быйылкы жылы каз пиязынын биринчи сары гүлдөрү 10-январда пайда болду. Бала кезибизде жаз сайын талаага, жаратылышка сейилдеп барып, каз пияз чогултуп, жеп жүргөнүбүз эсимде», — деп эскерет Кара-Балта шаарынын 62 жаштагы тургуну Эрмек Темиргулов.

Экология боюнча адис Александр Сосновский бул көк пияз боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

«Каз пияз — лилия гүлдүүлөр тукумундагы уруу. Бийиктиги 5- 20 (30) сантиметр болгон пияз түптүү көп жылдык чөп. Гүл коргону сары, жашылыраак, кээде агыш, 6 жалбыракчадан турат. Евразиянын мелүүн зоналарында 100дөй түрү кездешет. Азияда каз пияздын 90дөн ашык түрү бар, көбүнчө Кавказ жана Орто Азияда таралган. Кыргызстанда 20 түрү өсөт. Алардын ичинен жиптей, оюкчалуу, назик, Хомутов каз пиязы кеңири таралган. Жайыттарда анын көп түрүн мал жейт.

Каз пиязды чарбалык жерлерге жана шаардык гүлзарларга отургузууга болот. Майда пияздары жегенге жарайт, ал эми жалбырактары ачуу салаттарды жасоого ылайыктуу. Элдик медицинада пияздын кайнатмасын шишикти, сарыкты, бронхиалдык астмага каршы, тууралган пиязды жараатты айыктыруучу катары колдонушкан», — деди ал.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика