Понедельник, 17 января, 2022
0.1 C
Бишкек

Кеминдеги жаңы жылдык балатыга “Алтынкен” ишканасы балдарга белек тапшырды

Кемин районунда 15-ноябрдан 15-декабрга чейин «Биз биргебиз» аттуу бир айлык жарыяланып, бир айлыктын алкагында жаңы жылдык балаты өткөрүлдү.

Иш-чара райондук маданият үйүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 100 балага арналып «Балаты» майрамы тартууланды. Райондук маданият үйү өтө тыкан жана кооз оюнчуктар менен кооздолгондуктан  келген бөбөктөрдүн кубанычында чек жок, шаңдуу чыккан музыкага бийлеп жатышты.

Иш-чарага район башчысы-аким  Алайбек Жумаев, райондогу «Алтынкен» ЖЧКсынын өкүлдөрү катышып, бөбөктөргө каалоо-тилектерин айтышты. «Алтынкен» ишканасы тарабынан бөбөктөргө таттуу белектер берилип, райондун маданият кызматкерлери тарабынан оюн-зоок программасы көрсөтүлдү.

 

Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Алайбек Жумаев:

  • “Жаңы жылыңыздар менен, бөбөктөр жана ата-энелер. Кемин районунда «Биз биргебиз” аттуу бир айлык жарыяланып, айтарлык иштерди жасадык деп айтсам болот. Урматтуу президетибиз Садыр Нуркожоевич ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына жана ар кандай категориядагы жөлөк пул алган биздин кичинекей жарандарыбызга 1-октябрдан тартып 50 пайыз, 2022-жылдын 1-январынан тартып 100 пайызга көтөрүлөт. Бул дагы сиздерге болгон мамлекеттин камкордугу деп билем.

Урматтуу бөбөктөр, жаңы жылыңар кут болсун. Ден соолугуңар чың болуп, ар дайым ууртуңардан күлкү кетпесин. Дагы бир жолу жаңы жылыңар менен бөбөктөр деп куттуктады райондун акими.

Ван Цамин, «Алтынкен»  ЖЧКсынын башкы директорунун туруктуу орун басары:

  • Урматтуу райондун акими Алайбек Мусаевич.

Урматтуу айымдар жана мырзалар.

Баарыңардын кутман таңыңар менен.

Бүгүнкү бөбөктөргө арналган иш-чарага катышуу мен үчүн сыймык. Биринчи, бардык бөбөктөрдү жаңы жылыңар менен куттуктайм.

«Алтынкен» 2011-жылы «Цзы Цзинь» корпорациясы компанияга киргенден бери кыргыз-кытай биргелешкен кен ишканасы болуп саналат. Райондун акиминин жана Кемин коомунун колдоосу жана камкордугу менен өндүрүштүк жана техникалык жактан тейлөө иштери туруктуу түрдө жакшырып, быйыл 4200 кг алтын алабыз деген үмүттө турабыз.

Компания мамлекетке салыктарды жана төлөмдөрдү өз убагында төлөөдөн тышкары Кемин шаарындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, жол жана бакубатчылык сыяктуу коомдук долбоорлорду колдоо үчүн жыл сайын бир миллион АКШ долларына жакын каражатты Кемин районунун “Келечек” өнүктүрүү фондуна которуп турат. Кошумча 50 000 АКШ доллары муктаж болгон үй-бүлөлөргө, Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине жана кайрымдуулук үчүн жетим-жесирлер, балдар үйлөрү, карылар үйүнө ж.б. байма-бай жардамдарды берип келет.

Компания ошондой эле Кемин шаарында ар кандай иш-чараларга активдүү катышып, өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кам көрөт.

«Алтынкен» ишканасынын өнүгүүсү, социалдык милдеттенмелерин жигердүү аткарып жаткандыгы Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомчулук тарабынан кеңири таанылып, ишкана кыргыз-кытай кызматташтыгынын ишканалары үчүн үлгү катары белгилүү.

Ушул мүмкүнчүлүгүмдөн пайдаланып “Алтынкен” ишканасынын атынан Кемин районунун акими Алайбек Жумаевге жана Кемин жамаатына “Алтынкенге” колдоо көрсөтүп жардам көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Бүгүн балдар түркүн түстүү жана укмуштуудай фестивалды даярдашыптыр, мен алардын оюнун чыдамсыздык менен күтөм, ошондой эле мугалимдерге, балдарга жана Кемин районунун социалдык өнүгүү бөлүмүнө алардын аракети үчүн ыраазычылык билдирем. Бул иш-чараны уюштурганыңыздар үчүн рахмат.

Сөзүмдүн акырында бул иш-чарага ийгилик каалайм. Баардык балдарга ден соолук, бактылуу болушун каалайм.

Бардык жетекчилерге жана досторго чың ден соолук, бакубатчылык жана жаңы жылыңыздар менен куттуктайм.

 

Дамира Тажибаева, Кемин райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси:

  • Кемин районунда жалпысынан мүмкүнчүлүгү чектелген 248 бала бар. Биз жаңы жыл эле эмес бардык учурда балдарды коргоо, жакындан жардам берүү иш-чараларын уюштуруп турабыз. Мына бүгүн дагы Кемин районунун бардык айылдарынан чакырылган мүмкүнчүлүгү чектелген 100 бала келди.

Биздин туруктуу демөөрчүбүз “Алтынкен” ишканасы балдарга жакшынакай белектерди алып келди. Дегеле, “Алтынкен” ишканасын баса белгилеп кетким келет, жыл бою мүмкүнчүлүгү чектелген бардык адамдарга, жардамга муктаж болгон аз камсыз үй-бүлөлөргө, балдар үйүнө, карылар үйүнө жардамдарын берип келет. Мындай демөөрчүлүк кылган “Алтынкен” ишканасы Кемин районунда болуп калганы бизди кубандырат. Жыл бою байма-бай жардам берип келишет. Иштеринде ийгилик болсун.

3-декабрь майыптар күнүнө карата дагы шаарга райондон мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коштогон ата-энелери менен жибердик. Эми ал жакка барбаган балдарды бүгүнкү балатыга алып келдик. Биздин кызматкерлерибиз райондогу бардык айыл өкмөтүндө, ар бир мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен тыгыз иштешет.  Ошондуктан Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын бардык кызматкерлерине жаңы жылыңыздар менен, урматтуу кесиптештерим. Сиздерге чың ден соолук, иштериңизге ийгилик каалайм. Бар болуңуздар, эл үчүн ак кызматыңыздарды кыла бериңиздер  демекчимин.

Нурзада Акмат

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика