Вторник, 28 июня, 2022
32.1 C
Бишкек

30-декабрга карата коронавирус 41 адамдан аныкталды

Кыргызстанда 30-декабрга карата коронавирус дагы 41 адамдан аныкталып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 24, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 4, Ош облусунда — 4, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 2 адамдан вирус табылган. Ал эми бир суткада 48 адам илдеттен сакайды. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 255 бейтап, амбулатордук түрдө 315 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 633 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 778 киши айыгып чыкса, 2 миң 800 адам каза болду.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика