Понедельник, 17 января, 2022
0.1 C
Бишкек

Дыйкандарга суу сатуу сугат маселесин чечеби?

Быйылкы жыл кургакчыл болуп, дыйкандар сугат маселесинде жабыр тартышты. Ага климаттын кескин өзгөрүшү, бир жагынан суу каналдарынын капиталдык оңдоодон өтпөгөнү себеп болгон. Жыйынтыгында дыйкандар 92% гана суу менен камсыз болушкан. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги бул маселелерди келе жаткан жылы кандай чечет? Кененирээк төмөндө.

Сугат суунун тартыштыгына жаздын суук болуп, суунун өзөндөргө кеч келиши, жай мезгилинин ысык болушу таасирин тийгизген. Айыл чарба министрлиги план боюнча жалпы 4 млрд 883 млн куб суу менен камсыздашы керек болсо, жыл жыйынтыгында план болгону 92% аткарылган.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков сугат иштерин жолго салуу азыртан аткарылып жатканын, бирок 2022-жылы да суу тартыш болуу ыктымалы бар экенин кошумчалады.

«Ноябрь айында кошумча 100 млн сом бөлүнгөн. Бул каражатты өздөштүрүү максатында биздин суу чарба кызматкерлери сыртта кыш экенине карабай, азыр даярдык маселелерин, оңдоо иштерин активдүү жүргүзүп жатышат. Мен ишенем, 2022-жылы дыйкандарга суу берүү мезгилинде быйылкы жылдагыдай көйгөйлөр болбойт. Ошол максатта бир топ иштерди алып барып жатабыз. Маалымат үчүн айтып коюшубуз керек, 2022-жылы да суу тартыш болот деген божомол бар. Ошондуктан, урматтуу дыйкандар, эрте жазда сугат иштерин жүргүзүү — ар бириңиздердин кызыкчылыгыңыздар болушу керек».

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө суу башында туруп, сугат маселеси чечилбей жатканына кейип, бир катар тиешелүү жетекчилерге сөгүш берген.

«Суунун жетишсиздик көйгөйүнүн натыйжасында биздин жарандар миллион сомго зыян тартууда. Үстүбүздөгү жылдын жай айында болуп өткөндөй адамдардын митингге чыгышын күтүп отурбастан, бул маселени өз учурунда чечүүгө болот эле. Качан гана дыйкандар ызылдап чыгып, суу жетпей жатат дегенде аягында кеч болсо да киришип жеткирдиңиздер. Эми бүгүнтөн баштап, жайкы мезгилге даярданып баштаңыздар».

2022-жылы сугат суу маселесинде көйгөйлөрдү болтурбоо максатында өкмөт ирригацияны оңдоо үчүн республикалык бюджеттен 1 млрд сом бөлүп берди.

Өлкөдөгү ички суу чарба каналдарынын 35%ы гана жарактуу. Мунун 90%дан ашыгы Дүйнөлүк банк аркылуу калыбына келтирилген каналдар болсо, калганы союз мезгилинен бери оңдоло элек. Каражаттын жетишсиздигинен акыркы 20 жылда бир да канал капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Болгону тазалоо иштери гана жүргүзүлүп, суу берилип келген.

Мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин директору Алмазбек Сокеев дыйкандарга суу берүү боюнча пилоттук долбоордун үстүндө иштеп жатышкандарын билдирди.

«Эмдиги жылга 4 районго пилоттук долбоор баштап жатабыз. Төрт райондо Суу пайдалануучулар ассоциациясы жок, түзмө-түз берүү мүмкүнчүлүгүбүз болуп жатат. Суу чарба башкармалыгы акчаларды чогултуп, СПАнын тарифи менен сууну беребиз. Акчанын 50%ын ички чарба каналдарына жумшайбыз, калганын Токой чарба каналына деп жатабыз. Муну менен ички каналдарды оңдоодо бир вариант катары карап жатабыз».

Соңку кезде дүйнө жүзүндө сууну интенсивдүү пайдалануу күч алды. Сугат сууну туура эмес пайдалануунун кесепетинен кээ бир аймактарда жер такырайып, айыл чарба өсүмдүктөрү жакшы чыкпай калууда. Айыл чарба өсүмдүктөрүнөн жогорку түшүм алуунун негизги фактору – сугатты туура уюштуруу. Соңку кезде тамчылатып сугаруу технологиясы дүйнө жүзүндө кызуу колдоого алынып жатат.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков эмдиги жылы Кыргызстанда тамчылатып сугаруу жабдыктарын чыгара турган завод курула турганын маалымдады.

«Бүгүнкү күндө 2.5 миң гектар жердин тегерегинде көбүнчө күнөсканаларда тамчылатып сугарылат. Бизде буга суроо-талап көбөйдү. Анын үстүнө жеңилдетилген шартта лизинг берүүнү сунуштап жатпайбызбы, бүгүнкү күндө министрлик башка мамлекеттердеги тамчылатып сугаруу шаймандарын чыгарган фирмаларды «биякка инвестиция салыңыздар, ишкананы биргелешип түзөлү, жүзөгө ашыралы», — деп чакырып жатабыз. Буйруса, 2022-жылы тамчылатып сугаруу жабдыктарын чыгарган заводдор курулат». 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ноябрь айына карата 577 миң гектар аянттан 1,4 миллион тонна дан жыйналып алынган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 29%га аз. Буга жайындагы аптаптуу ысык жана сугат суунун жетишсиздиги таасир эткен. Буудайдын түшүмү былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл 42%га аз болду.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика