Понедельник, 17 января, 2022
0.1 C
Бишкек

Нурболот Жыргалбеков эки жолу Дүйнө чемпиону болду

27-30-декабрь күндөрү Москва шаарында өткөн Бразилия жиу-житсусу боюнча Жогорку Дүйнө чемпионатында (ACBJJ) кыргызстандык спортчу Нурболот Жыргалбеков эки жолу алтын медаль тагынды.

Чемпионатта Америка, Европа, Азия континенттеринин бир катар өлкөлөрүнөн, ошондой эле КМШ мамлекеттеринен келген спортчулар күч сынашкан. Мелдештер кимоно менен жана кимоносуз деген эки түр менен өтүп, Нурболот эки түрүнөн тең чемпион аталган.

Спортчунун айтымында, алгачкы кимоно менен жиу-житсунун Gi түрүнөн төрт беттеш өткөрүп, төртөөнү тең жогорку упай менен жеңип алган.

Кийинки күнү да кимонсуз Nogi түрү боюнча 4 жолу күч сынашып, баарында артыкчылыктуу упайларга жетишкен.

Ал экинчи күнү финалдык беттеште дагестандык балбан менен болгон күрөшү өтө оор өткөнүн, жыйынтыгында 5:2 менен утканын белгилейт.

Айта кетсек, Жогорку Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 20 спортчу барган.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика