Понедельник, 17 января, 2022
0.1 C
Бишкек

Мүрзөдө жасалган кылмышка шектүү адам кармалды

Кара-Балта шаарына жакын жердеги көрүстөндүн темир тосмосун уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жайыл РИИБдин аймактык тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын алкагында аталган айылдагы православдык көрүстөндө темир уурдоого шектелип, Жайыл районунун Калинин айылында 1979-жылы туулган Ф.А. кармалды.

Буга чейин Turmush басылмасы Кара-Балта шаарына жакын жердеги христиандар көрүстөнүндө белгисиз адамдар жаңы көрүстөндөрдүн темир тосмолорун бузуп, уурдап кетишкенин жазган.

Кийинчерээк Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, материалдар 15-декабрда Жайыл РИИБде катталган. Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барып, көрүстөндөрдөгү тосмолор орнотулганын аныкташкан. 1958-жылы туулган Л.Ф.нын мүрзөсүндөгү темир отургуч болгон эмес.

Учурда кылмышка шектүү бардык тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика