Понедельник, 17 января, 2022
0.1 C
Бишкек

Москва районундагы соцкызматкерлер айылдагы 11 балага таттууларды тапшырышты

30-декабрда Чүй облусунун Москва районундагы 2 айыл аймагын кыдырышкан соцкызматкерлер Аяз ата, Аяз кыз болуп, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 11 балага жаңы жылдык таттууларды тапшырышты.

Бул тууралуу райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Керимбай кызы Айымкан билдирди.

«Кечээ, 29-декабрь күнү Беловодсктагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине демөөрчүлөр тарабынан каржыланган 27 миң сомдук төшөктөрдү тапшырдык. Ал эми бүгүн, 30-декабрда соцкызматкерлерибиз Аяз ата — Элмира Төлөналиева, Аяз кыз — Гүлбарчын Алтикеевалар Беловодск жана Биринчи май айыл аймактарын кыдырышты. Алар мүмкүнчүлүгү чектелген 11 балага жаңы жылдык таттууларды беришти», — деди Керимбай кызы Айымкан.

Аяз кыз менен Аяз ата: «Ооба, 11 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үйлөрүнө барып, жашоосу менен тааныштык. Аларга жаңы жылдык таттууларды берип, майрамдык маанай кааладык. Чындыгында айрымдары сүйүнүшсө, кээ бирөөлөрү биз берген белектерди сезген, түшүнгөн деле жок. Боорубуз ооруп, көздөн жаш алдык. Жылуу сөзүбүздү айтып, ата-энелерине ыраазычылык билдирдик», — деп билдиришти.

Эске сала кетсек, райондун аймагындагы Беловодск балдар үйүнө, соцмекемеге, көмөкчү жатак-мектепке, Биринчи май айыл аймагындагы «Мээрим-Ментор» үйүнө жана башка жайлардагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектер таркатылган. Ага айыл өкмөттөрүнөн, мекеме-уюмдардан демөөрчүлүк көрсөтүлгөн.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика