Вторник, 28 июня, 2022
32.1 C
Бишкек

Кыргызстандыктар — О.Мальцева менен У.Айсаева каратэ-до боюнча Азия чемпиону болушту

Каратэ-до боюнча «Самурай» клубунун тарбиялануучулары Азия чемпиону болушту. Бул тууралуу клубдун президенти жана машыктыруучусу Павел Бондаренко билдирди.

Каратэ-до WKF боюнча Азия чемпионаты 2021-жылдын 18-декабрынан 22-декабрына чейин Алматы шаарында (Казакстан) өттү. Чемпионатка 23 өлкөдөн 450дөн ашык спортчу катышты. Чемпионаттын жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 9 медалга ээ болду.

Улуттук курама командага «Самурай» клубунун тарбиялануучулары Ольга Мальцева, Умида Айсаева, Рафаэль Акбаров жана Визит Баратов кирген.

Ольга Мальцева 21 жашка чейинки жаштар арасында (18-20 жаш, 68 килограммдан жогорку) Азия чемпионатында чемпион болду. Умида Айсаева өспүрүм кыздар (16-17 жаш, 48 кг чейин) арасында Азия чемпиону болду. Спортчулар алтын медалдарга ээ болушту.

«Рафаэль бул жолу бешинчи орунда. Биринчи беттеште Тайбейден келген спортчуну 2:0, жарым финалда ирандык спортчуга 4:2, коло үчүн күрөштө Сауд Аравиянын спортчусуна 4:4 эсебинде утулуп калды», — деди машыктыруучу.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика