Понедельник, 17 января, 2022
0.1 C
Бишкек

Кызыктуу жана пайдалуу экскурсия

21-декабрда Токмоктук индустриалдык-педагогикалык техникумда мектеп окуучуларына кесипке багыт берүү боюнча иш-чаралар өттү. Эскерте кетсек, аталган окуу жайда чач-тарач, тигүү иши жана электро ширеткичтер кесиптери боюнча акысыз  үч айлык курстар өткөрүлүп келет.
Курстардан Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүндө каттоодо турган жумушсуз жарандар билим ала алышат. Курстар акысыз өткөрүлөт. Алар үч айдан кийин курсту бүткөндүгү тууралуу кадимки  сертификатка ээ болуу менен жумушка орношо алышат. Бул тууралуу  өз сөзүндө аталган бөлүмдүн  жетекчиси Дилбар Сүйналиева билдирди.
Бул күнү  тигүү иши курсун ийгиликтүү аяктаган жумушсуз 6 аялдын жана электр ширетүүчү курстарынын 8 бүтүрүүчүсүнүн урматына  индустриалдык-педагогикалык техникумдун окуучулары иш-чаранын катышуучуларына  дизайнердик жөндөмдүүлүктөрүн, өздөрү тигип даярдаган кыргыз улуттук, эко-кийимдерин кийип көрсөтүшүп, сахнада дефиле уюштурушту. Иш-чара музыка  жана көрүүчүлөргө  жакшы маанай тартуулаган шаң менен коштолду.
Анын салтанаттуу бөлүгү аяктаган соң. ТИПТтин директору Орозбек Карышкырбаев  иш-чарага чакырылган №5 орто мектептин 11-классынын окуучуларын аталган окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен тааныштыруу максатында эксукурсияга чакырды. Аларды  социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана окуу жайдын окутуучулары коштоп жүрүштү. Окуучулар архитектура жана курулуш, тигүү цехтеринин, машина оңдоочу чеберкананын жана электро ширетүүчү цехтин иши менен таанышышты. Келечектеги кесип ээлерине ТИПТте кандай кесипке  жана канча убакыт окуган соң ээ болоору тууралуу  сунуш-пикирлер айтылды.
Белгилей кетсек, 20-декабрда ошондой эле иш-чара шаарыбыздагы №23 кесиптик лицейдин базасында өткөрүлдү. Анын ишине  №10 орто мектептин окуучулары чакырылган. Анда ашпозчу кесибине ээ болгон жумушсуз 10  жаран көрүүчүлөргө тамак-аштын түрлөрүн жасоо боюнча  мастер –класс көрсөтүшүп, тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Экскурсия окуучуларга ошол жагы менен пайдалуу жана кызыктуу болду.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика