Понедельник, 17 января, 2022
0.1 C
Бишкек

Абалың кандай айыл өкмөтү?

Көп улуттун элдери жашаган, калкынын жалпы саны 5350 түзгөн Москва районуна караштуу  Сретенка айыл өкмөтүнүн башчысы Данияр  Кожоновтун айтымында бул айыл аймак Большевик, Заря жана Сретенка айылдарынан турат. Айылдын тургундары көбүнчө дыйканчылык жана мал чарбачылык менен алектенишет. Аталган айыл аймакта  2 мектеп, 2 бала бакча, 1 үй- бүлөлүк дарыгерлер тобу(ГСВ) ,1ФАП, 2 маданият үйү, 2 айылдык китепкана, 2 мечит бар.

2021- жылы  айыл өкмөт тарабынан Большевик, Заря айылдарынын көчөлөрүнө 407000 сомго шагыл таштар төгүлдү. Аны менен катар Сретенка айылына 1 500 000 сомго жергиликтүү бюджеттин эсебинен 450 метр борбордук көчөлөргө асфальт  төшөлүп жаткан. Учурда  270 метр аралык бүттү.  Ал эми калган  аралык  аба ырайына байланыштуу токтогон. Буйруса жаз айларында кайрадан улантылмакчы. Андан тышкары айыл өкмөтүн имаратынын терезелери  250000  сомго  пластикке алмаштырылды. Ошондой эле  айыл өкмөттүн имаратынын бир бөлмөсү  жаңы жасалгаланып, архив болду. Архивди оңдоодон өткөрүү үчүн айыл өкмөттүн бюджеттинен 163 миң сом жумшалды.

Апрель айында АРИС фонду тарабынан Сретенка  билим берүү мектебинин имаратын оңдоо үчүн 21 000 000 сомдук долбоор ишке ашырылып, тендер жарыяланып ОсОО «Архстрой инвест» компаниясы 18 500 000 сомго жеңүүчү болуп табылган. Бүгүнкү күндө мектеп ишке берилди. Мектеп эң сапаттуу курулуш  материалдары менен жасалып,  заманбап жабдуулар менен жабдылган. Ошондой эле   Чүй өнүктүрүү фонду тарабынан 500 миң сом, айыл өкмөтүн эсебинен 100 миң сомго Сретенка атындагы орто мектебинин ичине бардык шарты менен  ажааткана (туалет), ысык суу менен кол жуучу чөгөрө (раковина)  жасалды.     “Үмүт шаты” атындагы бала бакчага да  128 миң сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн бюджетинен медициналык бөлмө ачылды.  Ал эми 195 миң сомго Сретенка айылынын маданият үйүнүн бир бөлмөсүнүн  эшик, терезелерин  алмаштырып, заманбап  керме шып  (натяжной потолок)  жасалып,   30 адамга ылайыкталып,  жыйын өтүүчү зал ачылды.  Ошондой эле ресурс борбор кылуу үчүн китепкананын бир бөлмөсүн Корея фондунун демөөрчүлүгү менен 350 миң сомго оңдоо-түзөөдөн өткөрдүк. Учурда 230 миң сомго элди таза суу менен камсыз кылуу үчүн Сретенка айылынын суу мунарасына  бактерицидик аппарат орнотулду.   «Ташмат Арыков атындагы орто мектебине  100 миң сомго  2 шкаф, 12 парта 24 отургучу менен алынды. Заря айылынын суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн 100 миң сомго тендер өткөрүлүп, иш жүзүнө ашыруу алдында турабыз.  Сретенка айылына долбоор аркылуу кичи футбол аянтчасын ачуу үчүн  архитектура менен биргеликте документ даярдалууда. «Үмүт шаты» бала бакчасынын чатырын алмаштыруу үчүн демөөрчүлөрдү издеп жатабыз,-дейт айыл өкмөт башчы Данияр Сабырович.

Бул айыл өкмөттүн бюджети 8 млн болсо, теңдөөчү гранддан 3 млн алышат. Айыл өкмөт башчы Данияр Кожоновдун келгенине 6 ай болгонуна карабастан, ишеним арткан эли үчүн арбын иштерди аткарууга жетишиптир.  Мындан ары да жүзөгө ашыруучу ырааттуу максаттары да жок эмес.

«Жашоочуларга ыңгайлуу шарт түзүп айыл ичиндеги көчөлөрдү толук жарыктандыруу, ички жолдорду оңдоо, сугат суусу кетичүү арыктарды тазалоо, таза суу менен камсыз кылуу пландарым  бар»,-дейт айыл өкмөт башчы.

Сретенка айыл өкмөтүндө да көйгөйлүү маселелер бар. Өтө курч маселе  — таштандыны жол жээктерге ыргытпай, тазалыкты сактоо. Жетекчи Данияр Кожонов айыл тургундарынан  суранычы — өрттөөгө ылайыктуу таштандыларды өрттөп, ал эми курулуш таштандыларын айыл өкмөткө келип сурашса, айыл четиндеги чуңкур жерлерге төктүрөт. Мындайча айтканда, эки иштен бир аткарылмак. Чуңкур жерлер да жамалып, таштанды да өз ордуна төгүлөт.   Аны менен катар түйшүктүү маселе жумушсуздук, мал уруулуктун  күч алуусу болууда.    Ары жооптуу ишиңизден баар таап, калкыңыз менен биргеликте мерчемделген максаттарга  жетип, ийгиликтер арбый берсин.

Гулмира УБАКЕЕВА

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика