Понедельник, 17 января, 2022
0.1 C
Бишкек

2021-жыл Чүй облусунда кандай өттү?

Январь

2021-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо болуп өттү. Бул шайлоо өнөктүгүнө «Солто» коому жигердүү катышты. «Солто» коому альтернативдүү президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун талапкердигин колдоп, Чүй облусунда жакшы жетишкендиктерге жетише алды. Бардык солтолордун башын бириктирип ынтымакка чакырган «Солто» коомунун төрагасы катары Эркин Тентишев көптөгөн тажрыйбаларды топтогон. «Солто элдин тогу» деп бекеринен айтылбаса керек. Чүй боорунда токчулукка чакырган солтолордон тышкары моңолдор, сарбагыш, жетиген, азык сыяктуу көптөгөн уруулар бар. Андан тышкары, совет бийлигинин учурунда сексенге жакын элдин Чүй кичи мекенине айланган. Эркин Тентишевдин топтогон иш тажрыйбалары ушундай оор сыноолор учурунда ар бир Чүйдүн жаранын уруу, элге бөлбөй ынтымак менен, достук менен биргелешип иштөөнү уюштуруп, Садыр Жапаровдун президент болуп шайлоосуна тилектеш болду.

 Февраль

Ысык-Ата районунун Кант шаарында жайгашкан Саткынбай Тентишев атындагы Азиялык медицина институту медициналык багыттагы алдыңкы окуу жайларынын бири. Бул институтту Эркин Тентишевдин жетекчилиги менен Кыргызстандын жана жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин студенттеринин сапаттуу медициналык билим алуусуна шарт түзүп ушул окуу жайын ачкан.

Бул медициналык институттун билим берүү багыты медицинага арналгандыктан келечектеги медицина кызматкерлерин мыкты деңгээлде даярдап, сапаттуу билим берүү үчүн баардык шарттар жана азыркы учурдун талабына ылайык жабдылган. Аз убакыттын ичинде медициналык институт инновациялык жол менен өнүгүүнү колго алып, көптөгөн ийгиликтерди багынтып келишүүдө.

Учурда бул окуу жайда 17 мамлекеттен келген студенттер билим алышууда. Алар: Индия, Пакистан, Непал, Афганистан, Азербайжан, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Сомали, Египет, Ирак, Малайзия, Бангладеш жана Ливан ж.б. мамлекеттеринин билимге суусаган жарандары. Азыркы учурда АзМИде төрт миңден ашык студент билим алып жаткан учуру. АзМинин жетектөөчүсү С.Тентишевдин бул институтту ачуудагы негизги максаты — республикабыздагы билим берүү тармагын коррупциясыз заманбап алдыга жылдыруу менен сапатын жогорулатуу болгон.

Баса белгилеп кетүүчү жагдай, бүгүнкү күнү коронавирус дартынын экинчи, үчүнчү агымдары тарап жатканда элдин саламаттыгынын камын көрүп, ар бир медициналык жай катуу көзөмөлдүккө алынган. Анын бүгүнкү күндүн талабына жооп берген окуу жайы Азия медициналык институттун уюштуруп, иштеткен тажрыйбасы элдин ден соолугун сактоо үчүн түздөн-түз жардамын берип турат.

Март

8-марттагы Чүй бийлигиндеги кайым айтышуулардан соң, Чүй облусунун мамлекеттик администрациясын жетектеп келаткан Мирбек Мияров кызматынан бошоп, бул орунга Эркин Тентишов келген. Ал чарбаларда иштеп такшалган мыкты адис катары аймактарды өнүктүрүү фондунан 170 уникалдуу долбоорду ишке ашыруу үчүн аракеттене баштады. Чүй облустук өнүгүү фондунун каржылоосунда 170 долбоор жактырылып учурда айыл аймактарында тендер өткөрүү иштери аткарылууда.

Өнөр жай тармагы боюнча 1555,2 млн. сомго 15 долбоор аткарылып жатат.

Айыл чарба тармагы боюнча 100,2 млн. сомго 14 долбоор.

Кичи жана орто бизнес тармагы боюнча 240,9 млн. сомго

32 долбоор аткарылып жатат.

Социалдык тармак 21 долбоор 290,4 млн. сомго аткарылууда.

Дене тарбия жана маданият 5 долбоор 53,2 млн. сомго аткарылып жатат.

Инфраструктурасын өнүктүрүү 29,3 млн. сомго 11 долбоор аткарылып жатат.

Былтыр Чүй облусунун өнөр жай секторунда 75775,5 млн. сомго продукция өндүрүлгөн. 2021-жылы өнөр жай продукциясын 2020- жылга салыштырмалуу, көлөмүнүн өсүшү төмөнкү түрлөрү боюнча белгиленген: кайра иштетүү өнөр жайы (70658,0 млн. сом) – 1,6 эсеге. Бул негизги металлдардын жана даяр металл буюмдарды өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү 2,0 эсеге, тазаланган мунай затты өндүрүшү эсебинен — 1,2 %га, жыгач, кагаз буюмдар – 6,6%, тамак-аш азыктарын – 3,8 %га өсүшү менен шартталган.

Апрель

Борбор шаарыбыз Бишкекти курчап турган Чүй облусунун өнөр жайы жакшы көрсөткүчтөрдү көздөй өсүп баратат. Бүгүн бүтүндөй өнөр жайды өнүктүрүү үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн баса белгилеген. Өнүккөн транспорттук инфраструктура бар, ири рынокторго жана кошуна өлкөлөргө чыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк. Чүй облусу аймактарды өнүктүрүүдө лидер.

Чүй облусу өнүгүүнүн модели жана бүт өлкөбүзгө үчүн локомотив. Мында сексенден ашуун улуттардын өкүлдөрү тынчтыкта жана ынтымакта жашап жатышат. Сары — Өзөн  Чүй барын батырып, элди багып жатканы чындык. Чүй облусу боюнча  жеке ишкерлер тарабынан жаӊы  кичи жана орто ишканалар ачылып, көптөгөн иш орун түзүлдү.

Май

Эркин Тентишевди жеке эле Чүй облусундагы болуп жаткан саясий окуялар эмес, мамлекетибизде болуп жаткан саясий окуялар кайдыгер калтырбайт. Апрелдин аягында, майдын башында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон конфликттерден улам запкы жегендерге кол сунуп, гуманитардык жардамын жөнөттү. Андан тышкары, коронавирус дартынын экинчи, үчүнчү агымдары тарап жатканда элдин саламаттыгынын камын көрүп, ушундай оор сыноолор учурунда элге мамлекеттик бюджеттин эсебинен эмес, өз чөнтөгүнөн жардам берүүдө.

Июнь

Кыргызстанга эс алууга келген коноктордун жана өлкөнүн жарандарынын коопсуздугун камсыздоо максатында Чүй облусунун ички иштер органдарынын 700дөн ашуун кызматкерлери иш алып барды.

Чүй облусу боюнча 35ден ашуун эс алуу жайлар конокторду кабыл алды. Жер-жерлерде, ошондой эле эс алуучу аймактарда коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жети милициянын көчмө кабылдамасы алдын алуу иштерин жүргүздү. Ар бир жарандын коопсуздугун камсыздоо — Чүй облустук милициясынын эң негизги милдети.

 Июль

1-июлдан тарта мөңгүлөр эрип, суунун агымы көбөйө турган маал. Бул жылы сугат сууга тийиштүү абал оор болду. Аны ыкчам чечүү маанилүү. Фермерлер сугат суунун жетишсиздигине байланыштуу кооптонуусун билдиришкен. Сугат суунун таңкыстыгы түшүмдүн жыйым-теримине кедергисин тийгизди. Суунун аздагынан кургакчылык пайда болуп, Чу дайрасына тоодон куйган булактардын азайышынан келди. Ошондуктан ЧЧК батыш тарабында сугат суунун тартыштыгы келип чыккан. Бирок жалпылап чечүүчү башка көйгөйлөр да бар. Мындан чыгуунун жолдорун табууну Чүй облусунун жетекчилиги издешти. Суунун аздыгына шылтоолоп отура бербестен Чүй облусунун жетекчиси Эркин Тентишев өз демилгеси менен СССР убагында тартылып, бүгүнкү күндө чирип, ишке жарабай калган суу түтүктөрүн өз карадатына оңдотуп, жакшы түшүм алуу үчүн дыйкандарды суунун тийиштүү көлөмү менен камсыздалды. Бул азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу маселе.

Июнь айында эгин талаасына суу жетпей жатышынын бирден-бир себеби — төрт-беш күн аба-ырайы салкындагандыктан мөңгүлөр эрибей калган. Негизи Аламүдүн дарыясынын суу топтоочу жерине жай мезгилинде секундасына 9 куб метр суу агып кирип турса дыйкандарга кенен жетмек. Бирок ошондо 2,4 куб метрге чейин түшүп кеткенин билебиз. Негизи эле 2021-жылы суу тартыш, кышта тоолорго кар аз түшүп, жамгыр да жаабай жатты. Ала-Арча дарыясынын башкы суу бөлүштүрүүчү жайында суунун 60 пайызы Сокулук, 40 пайызы Аламүдүн районуна берилет.

Август

Учурдагы маселелерге облус жетекчисинин мамилеси кандай?  Тентишев ар бир маселени иш бөлмөсүнөн чечпей, эл менен аралашып жеринен чечип, эл арасында  иш билги жетекчи. Жыл сайын эле жай аяктай мөңгүлөр эрип, суунун агымы көбөйөт. Андыктан, дарыялар куурап калышы мүмкүн деген божомол туура эмес. Тентишев райондордогу  сугат сууга байланыштуу абал менен жеринде таанышып келген.

Анын айтымында, негизги көйгөйлөрдүн бири – өткөрүү жөндөмдүүлүгү бүгүнкү талаптарга туура келбеген эски советтик сугат каналдары. Мындан тышкары, суунун жетишсиздиги каналдардын айрым борпоң топурактуу тилкелериндеги жогорку фильтрациядан улам келип чыгууда. Тентишев долбоордук сунуштарды ыкчам иштеп чыгуу максатында ирригациялык тармактарды өркүндөтүү боюнча кыска мөөнөттө сунуштарды киргизип жатат.

2021-жылы суу чарбасынын Чүй мамлекеттик башкармалыгы тарабынан мерчем боюнча 1157,7 млн. м3 суу бериле турган болсо, иш жүзүндө 968.1 млн м3 суу берилген, же план 84%га аткарылган. Себилген аянттын 78% на суу талап кылуучу айыл чарба өсүмдүктөрү эгилген, башкача айтканда бардык аянттын үчтөн экисинен көбүн түзүп тургандыгын эске ала турган болсок суу берүүнүн көлөмү 189,6 млн. м3 аткарылбай калган.

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тентишев айдоо жерлерин эффективдүү пайдалануунун негизги фактору болуп сугат иштери эсептелинерин, өзгөчө тамчылатып сугаруу тажрыйбасын жайылтуунун зарылдыгын туюп, ушул иштерге катуу  көңүл буруп келатат. Сууну туура колдоно турган болсок дан эгиндеринен көбүрөөк пайда табарыбыз белгилүү.

Сентябрь

Тентишев чет өлкөлөрдө Кыргызстандын саясатын жүргүзүп, узак жылдар эмгектенген дипломат. Анын дипломатиянын башкы көрөңгөсү болгон кызматташтык тил табуусу жетекчи болуп турганда элдик дипломатия менен иштешүүгө көмөк көрсөттү. Ар бир маселени иш бөлмөсүнөн чечпей, эл менен аралашып жеринен чечип, эл арасында иш билги жетекчи экен деген сөздөр чагылгандай тарады.

Тентишев өзүнчө философиясы бар креативдүү ойлонгон өзгөчө жаралган феномен. Ал ааламды ичине батырып алып андагы жер, суу, таш, түркүн жан-жаныбарлардын, бак-дарактардын тилин билгенсип ар бирөөнө өзгөчө мамиле кылат. Табияты кооз, бир гана кыргыз жарандары эмес дүйнөнүн туш-тарабынан келишкен туристтер да Чүйдүн ажайып жаратылышына суктанып кетишет. Эркин Тентишевдин ишке ашыра турган долбоорлорунун арасында Чүйдүн касиеттүү жерлерине камкордук көрүү башкы орундарда турат.

Октябрь

Эркин Тентишевди коррупцияны түп орду менен жок кылууну көздөгөн адам катары билсе болот. Себеби, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Билим министрлиги тарабынан ал жетектеген медициналык окуу жай «Коррупциясы жок окуу жай» номинациясына ээ болгон. Студенттер мугалимдерге акча бермек тургай  бир студент гүл бере койом деп мугалимдик кызматынан кол жууган.

Саткынбай Тентишев атындагы азиялык медицина институтунун түзүлгөнүнө он жети жылдын жүзү болгондугуна карабай  бир топ жетишкендиктерге ээ болушкан. Институт 2004-жылдан бери билим берүү тармагында студенттерге сапаттуу билим берүүгө талыкпай эмгектенип келүүдө. Албетте мыкты адистерди даярдоодо алгачкы кадам бир топ кыйынчылыктарды да жаратпай койбойт. Жыйырма жылга чукул убакытта  окуу жайга канчалаган билимдүү окутуучулар келип эмгектеништи.

Учурда 250 окутуучу туруктуу эмгектенет. Мындан сырткары билим алам деген чет элдик жарандарды да мыкты медик кылып тарбиялап чыгарууга өбөлгө түзүп, такшалган тажрыйбалары менен билим берүүдө 15 медицина илимдеринин доктору, 22 медицина илимдеринин кандидаты эмгектенет.

Мисалга алсак,  жайкы эс алууда Чүйдүн касиеттүү жерлерине, Ысык-Көлгө окутуучулар ошондой эле студенттер эс ала алышат. Бул жылдар аралыгында канчалаган чет элдик жана кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү даярдоого үзгүлтүксүз салым кошуп жаткандыгы менен өзгөчөлөнүп келет. Өзгөчө окуу жайдын чет элдик бүтүрүүчүлөрү диплом алып өз мекенине барганда аттестацияны эң жогорку бал менен тапшырышып, окуу жайдын баркын күн санап көтөрүшүүдө. Себеби, Саткынбай Тентишев атындагы азиялык медицина институтунун тажрыйба алып такшалууга бардык заманбап медициналык техникалар менен жабдылганын айтпай кетүүгө болбойт.

Ноябрь

 2021-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өттү. Бул шайлоодо Чүйдө кайсы талапкердин таасири күчтүү болду? БШКнын маалымат тутумунун алдын ала маалыматы боюнча, урналардын 99,96 пайызы (автоматташтырылган эсептөөчү урнанын жана кол менен эсептөөнүн маалыматтары) иштелип чыккандан кийин 6 партиядан — 54 талапкер жана бир мандаттуу округдар боюнча — 34 талапкер парламентке өттү. Эки шайлоо округунда кайра шайлоо өтөт. Чүй облусунда 4000ден көп добуш топтогон талапкерлердин тизмеси мындай:

  1. Саккараев Медербек Жаманкулович (№31 Чүй-Кемин шайлоо округу) 10 152 добуш;
  2. Азыгалиев Нурланбек Асанбекович (№22 Жайыл шайлоо округу) 8 932 добуш;
  3. Жансеитов Тынайбек Каныбекович (№31 Чүй-Кемин шайлоо округу) 8 771 добуш;
  4. Атамбаев Сеидбек Алмазбекович (№25 Аламүдүн шайлоо округу) 7 976 добуш;
  5. Тентишев Бакыт Эркинович («Ынтымак» партиясынан) 5757 добуш;
  6. Ханджеза Карим Лемзарович (№23 Москва шайлоо округу) 5 418 добуш;
  7. Рыскулбек уулу Нурмат (№22 Жайыл шайлоо округу) 5 293 добуш;
  8. Кенжебаев Аманкан Батырбекович (№24 Сокулук шайлоо округу) 5 185 добуш;
  9. Райымкулов Бактыбек Кемелбекович (№22 Жайыл шайлоо округу) 4 667 добуш;
  10. Таштанбеков Акбөкөн Дүкөнович (№30 Ысык-Ата шайлоо округу) 4 630 добуш;
  11. Эдигеев Жанат Асылбекович (№30 Ысык-Ата шайлоо округу) 4 545 добуш;
  12. Зикиров Жусупбек Камчыбекович (№23 Москва шайлоо округу) 4 160 добуш;
  13. Жунусалиев Рамис Майрамбекович (№24 Сокулук шайлоо округу) 4 197 добуш;
  14. Бегалиев Болотбек Касымбекович (№25 Аламүдүн шайлоо округу) 4 169 добуш;
  15. Шабазов Бахридин Валиевич («Ишеним» партиясынан) 4 019 добуш.

Декабрь

Чүй облусу өз жанын өзү баккан облус эмес, мамлекеттин борбору миллиондогон калкы бар Бишкек шаарына түздөн-түз таасир тийгизген аймак. Чүй облусу менен кошо Бишкек шаарын дүйнөлүк экономикалык кризис убагында айласыз кирип келген кымбатчылыкты тушап, азык-түлүккө алдыга чаап кете турган бааны көзөмөлдөп турат.

Коронавирус илдети саламаттыкты сактоо кызматкерлерин ойлонтуп койду. Чүй облусу боюнча 320 мекеме саламаттыкты сактоо боюнча кызматты көргөзөт. Облус боюнча 1261 дарыгер, 3059 орто билимдүү медициналык билими бар кызматкерлер эмгектенет. Чүй облусу боюнча 2021-жылы тейленген калктын саны – 994 083 адам.

2021-жылдын 11 айында  15 467 бала төрөлгөн, төрөлүүнүн көрсөткүчү калктын 1000ине – 16,5. Калктын табигый өсүүсү 1000ге – 12,1.

Учурда Чүй облусу боюнча саламаттыкты сактоо мекемелеринде 168 дарыгер жетишпейт (кардиолог, эндокринолог, педиатр, терапевт, акушер-гинеколог, инфекционист, офтальмолог, анестезиолог-реаниматолог, иммунолог, неонетолог ж.б.), анын ичинен 10 дарыгер ооруларды алдын алуу санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна (эпидемиолог, лаборант, дезинфекционист, энтомолог, иммунолог).

Чүй облусунда ички жана тышкы жолдордун абалы начарлап, жол ортосундагы чуңкурлар, айылдарды бириктирген машина өтө алгыс баткактуу аң-дөңдөр оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн быйылкы жылы бутага алынды.

Чүй облусунун аймагында 12084, 4 чакырым жолдор бар. Бир гана Бишкек-Ош жолунда 9 авариялык коркунучтуу участоктор болгон. Бул мезгил ичинде бир топ жолдор оңдоп-түзөлүп, капиталдык ремонттук долбоордо оңдоло турган бир топ жолдор турат. «Бишкек-Ош» жана «Бишкек-Торугарт» жолдорунун жана айылдарды бириктирген жолдорунда ремонт иштери жүргүзүлдү. Айрыкча бүткүл республикалык масштабда элди ирээнжитип турган Кара-Балтадагы жол ремонттолуп жатканы кубандырат.

 

«Чүй-пресс»

 

 

 

 

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика