Понедельник, 17 января, 2022
0.1 C
Бишкек

Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдин куттуктоосу

Урматтуу мекендештер!

Саналуу күндөрдөн кийин жаңы жыл босогобузду аттайт. Мына, 2021 — уй жылы да аяктап, 2022 — жолборс жылы келе жатат. Эски жылды жакшы узатып, ийгиликтерибизди гана эстеп, ошолорго кантип жетишкендигибизди гана жыйынтыктайлы. Жакшы ойлор менен, жакшы мерчемдер менен жаңы жылда жаңы ийгиликтерге жетишкен бололу.

Жаңы жыл – эң сүйүктүү жана жаркын майрамдардын бири. Бул майрам баарыбызды жалпы үмүттөр, тилектер жана келечекке умтулууларыбыз менен бириктирип келген майрам.

Өткөн жыл жемиштүү, аракетке бай, жигердүү иштердин жылы болду.  Алдыда жаңы милдеттер турат, алардын эң маанилүүсү – элет элинин жашоосун көтөрүү.

Айта кетсем, ийгиликтерибиз жок эмес, өсүш бар, келечегибизди өзүбүз түптөөдөбүз. Элибиз айыл чарба жана өнөр жай өндүрүшүн токтотпой, ишин алып кете алды, бардык жарандарыбыз болушунча мекемебиздин ишмердигине өз салымын кошууда. Ушулардын бардыгын эске алып, келе жаткан жаңы жылыбыздан үмүттөрүбүз чоң, жакынкы жана эртеңки келечекке зор ишенич менен кадам таштайлы.

Бардыгыңыздарды келе жаткан жаңы жыл майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм жана ушул жаркын майрамда сиздерге дүйнөдө болгон бардык жакшылыктарды каалайм, алар: бактылуу өмүр, чың ден соолук, аман-эсенчилик жана токчулук, жарык маанай, материалдык жана руханий байлык, жакындарыңыздын аман-эсенчилиги, тынчтык! Жаңы 2022-жыл жалпы Кыргызстан эли үчүн жаратман эмгек, бийик ойлор жана жакшы үмүттөр жылы болсун! Жаңы жылыңыздар менен!

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика