Понедельник, 17 января, 2022
0.1 C
Бишкек

Чүйдө 1 жумада 48 мас айдоочу кармалды

29-ноябрдан баштап 5-декабрга чейин Чүй облусунун аймагында айдоочуларга карата рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, иш-чаранын жүрүшүндө 2948 эреже бузуу катталды. Ошондой эле 89 унаа айып короого киргизилди.

«Бул күндөрү унааны мас абалда башкарган 48 айдоочу кармалды. Ал эми 1288 айдоочу унааны катуу ылдамдыкта башкарса, 24 айдоочу тиешелүү документи жок башкарып жүргөн», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

ЖООПТУ КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарийиңизди киргизиңиз!
Сураныч, атыңызды ушул жерге жазыңыз

spot_imgspot_img
spot_img

КӨП ОКУЛГАНДАР

байланыштуу макалалар

Яндекс.Метрика